16:54 18 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.5723
  • EUR100.7425
  • RUB1.1710
Коом
Кыскача шилтеме алуу
43 0 0

Сапардын дагы бир максаты — Кыргызстан менен Татарстан өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы Жол картасынын долбоорун талкуулоо болгон.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандын делегациясы Татарстанда эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташууну талкуулап жатат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, радикализмди, экстремизмди алдын алуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана дин чөйрөсүндө кызматташуу сүйлөшүлүүдө.

Бул жаатта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Медер Карабаев, Кыргызстан муфтийинин милдетин аткарган Жоробай Шергазиев Татарстандын мусулмандар Дин башкармалыгынын жана Россия ислам институтунун жетекчилери менен жолуккан.

"Диний билим берүү мекемелеринде окутуу методологиясын иштеп чыгуу жана бул чөйрөдө өз ара иштешүүнү өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды", — деп билдирди маалымат кызматы.

Иш сапардын алкагында Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушуу болгон.

Ал эми сапардын дагы бир максаты Кыргызстан менен Татарстан өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы Жол картасынын долбоорун талкуулоо болгону айтылды.

Эске салсак, Садыр Жапаров февралдын соңундагы Россияга жасаган сапарында Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугуп, эки тараптуу байланыштар, кызматташуу туурасында сүйлөшкөн эле.

Тема боюнча

Байланышты өнүктүрөлү. Жапаров Татарстан президенти Минниханов менен жолукту. Сүрөт
Белгилер:
кызматташуу, дин, Татарстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ