"Спутник V" вакцинасын алган кыргызстандыктардын абалы айтылды

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүБишкекте киши COVID-19дан каршы "Спутник V" вакцинасы менен эмделип жатат
Бишкекте киши COVID-19дан каршы Спутник V вакцинасы менен эмделип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Россиядан келген препаратты азырынча 65 жаштан ашкандар жана өнөкөт оорусу барлар алууда. Өз ыктыяры менен вакцина сайдырууну каалагандарга Sinopharm сунушталып жатат.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бир жумага жетпей Россиянын "Спутник V" вакцинасынын биринчи дозасын 733 кыргызстандык алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, эмдөө Кыргызстанда 23-апрелде башталган. Россиядан 10 миң кишиге жеткидей препарат алып келинген. Азырынча аталган вакцинаны 65 жаштан ашкандар жана өнөкөт оорусу барлар алууда. Өз ыктыяры менен вакцина сайдырууну каалагандарга Sinopharm сунушталып жатат. Жалпы жонунан өлкөдө 20 458 адам коронавируска каршы эмделгени маалым болду.
Россиядан чыккан вакцинаны алгандардын абалы:
  • жакшы — 83,2 пайыз;
  • баш оору — 1,2;
  • дене табы көтөрүлүү — 4;
  • ийне сайылган жердин оорушу — 2;
  • алсыздык — 2,4;
  • баш айлануу — 1,2;
  • чыйрыгуу — 3,6;
  • кан басымдын көтөрүлүшү— 1,2;
  • оң кабырганын тушунун оорушу — 1,2 пайыз.
Маалым болгондой, бул белгилердин баары вакцина алгандан кийинки эки күндө байкалган. Апрель-май айларында Россиянын "Спутник V" вакцинасынын 60 миң дозасы келери күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0