"Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттери 1-майда жабылат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүүчү пункту. Архив
Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт өткөрүүчү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Чек ара Кытай Эл Республикасынын демилгеси менен убактылуу жабылат. Буга "Эмгек күнү" майрамынын белгиленери себеп болду.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл жүргүзүү бекеттери жүк ташуучу унаалар үчүн 1-майдан 4-майга чейин жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул күндөрү Кытайда "Эмгек күнү" майрамы белгиленет.
Аталган чек ара пунктулары 5-майда ишин жандантат.
Жаңылыктар түрмөгү
0