Айрым калкты тейлөө борборлорунун графиги убактылуу өзгөрдү. Тизме

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКалкты тейлөө борборундагы адамдар. Архив
Калкты тейлөө борборундагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
1-2-май күндөрү кичи калкты тейлөө борборлору иштебей турганы айтылды. Алардын жумушу 4-майда жанданат.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстанда айрым калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги техникалык себептерден улам убактылуу өзгөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.
Графиги убактылуу өзгөргөн калкты тейлөө борборлору:
  • Бишкек. Жибек жолу проспектиси, 381, дарегинде жайгашкан 4-калкты тейлөө борбору;
  • Ош шаары. Ленин көчөсү, 318, дарегинде жайгашкан 1-калкты тейлөө борбору;
  • Бишкек. Аsia Mall соода борборундагы калкты тейлөө борбору;
  • Бишкек. ТЭЦ району, "Глобус" гипермаркетиндеги кичи калкты тейлөө борбору.
Аталган мекемелер 30-апрелден тарта саат 18:00гө чейин гана иштейт.
1-2-май күндөрү кичи калкты тейлөө борборлору иштебей турганы айтылды. Алардын жумушу 4-майда жанданат.
Жаңылыктар түрмөгү
0