Бишкектин 35 көчөсүндө электр жарыгы өчөт. 28-апрелге карата график

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЭлектр станциясы. Архив
Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Шаардын борбордук көчөлөрүнүн жашоочулары да, мекеме-ишканалары да, конуштар менен кичи райондордун тургундары да убактылуу жарыксыз калышат. Бул пландалган оңдоо иштерине байланыштуу болууда.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкекте 28-апрелде 35 көчөнүн бөлүктөрүндө электр жарыгы өчүшү мүмкүн. Бул тууралуу маалымат "Түндүк электр" ишканасынын сайтына чыкты.
Эртең мекеменин жумушчулар тобу чубалгыларды монтаждоо, трансформаторлорду алмаштыруу, темир-бетон түркүктөрүн орнотуу жана башка иштерди жасашат.
Өчүрүү графиги:
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Токтоналиев көчөсүнүн бөлүгүндө (№ 26 турак үй);
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Рыскулов, Тимирязев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө, Арча-Бешик конушунда (Он-Арча көчөсү), Киргизия-1 конушунда (Смоленская көчөсү), Ынтымак конушунда (Кырман көчөсү) жана Чоң-Арык айылында (Центральная көчөсү);
  • 9:30дан 14:00гө чейин — Рухий-Мурас конушунда (7 жана 8-көчөлөрү);
  • 9:30дан 16:00гө чейин — Туңгуч кичи районунда (№57, 59-65, 64/1, 64/2, 67-71 турак үйлөрү);
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Панфилов жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө (№4б турак үйү);
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Кудрук, Манас, Ананьева, Күрөңкеев, Профессор Зима, Жибек жолу, Ташкент, Токтогул, Манасчы Сагынбай, Махатма Ганди жана Ала-Арча көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
  • 10:00дөн 13:00гө чейин — Тоголок Молдо көчөсүнүн Васильев көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
  • 10:00дөн 17:00гө чейин —Курманжан датка, Саратовск, Хивинский жана Лермонтов көчөлөрүндө;
  • 10:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик конушунда (Камбар-Ата, Эр-Тайлак көчөлөрүндө);
  • 12:00дөн 17:00гө чейин — Рухий-Мурас конушунда (5-6-көчөлөрү);
  • 14:00дөн 17:00гө чейин — Көк-Жар конушунда (Куйручук, Тоң, Конорчок, Көк-Жар, Шабдан Баатыр көчөлөрүндө).
Жаңылыктар түрмөгү
0