Өзбекстанга чыгарылмакчы болгон эликтер азыр кайда экени айтылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүНовосибирский зоопарк возобновил работу после карантина
Новосибирский зоопарк возобновил работу после карантина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
УКМК Баткендеги Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары сейрек кездешкен беш эликти алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык менен өзбекстандык киши кармалганын кабарлаган.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандан Өзбекстанга чыгарып кетүүгө аракет жасалган эликтерди тергөө иштери аягына чыкканга чейин компетенттүү органдар кармап турат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, УКМК Баткендеги Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары сейрек кездешкен беш эликти алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык менен өзбекстандык киши кармалганын кабарлаган. Маалыматта төрт эликтин мүйүзү кесилгени айтылган болчу.
"Бугу-Эне" коомдук фондунун (Караколдогу зоопарк) жетекчиси Салтанат Сеитова бул жаныбарлар Караколдогу зоопаркта багылганын, алар 2012-жылы Казакстандан алып келингенин билдирген. Анын айтымында, тийиштүү документтер дагы бар.
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Ошто үч ак илбирстин терисин 4,5 миң долларга сатмак болгон киши кармалды
Ошондой эле ал эликтин бул түрү Кызыл китепке кирбегенин жана ургаачыларынын мүйүзү болбой турганын айткан. Сеитованын сөзү боюнча зоопаркка төө куш баккан кыргызстандык кайрылып, канаттууларга эликтерди алмаштырууну сунуштаган. Келишим боюнча ал жаныбарларды багышы керек болчу.
Эликтер учурда Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүп берилди.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Сеитованын сөзүнө таянып билдиргенине караганда, бул жаныбарлар Казакстандан 2012-жылы алып келинген Европа эликтеринин тукуму.
Ведомстводон кабарлашкандай, фонд менен жеке тараптын ортосунда чындап эле келишим жолу менен жаныбарларды алмашуу болгон. Аты аталбаган жаран фондго Африка төө кушунун эки ургаачысы менен бир эркегин, "Битал" породасындагы эчки, теке жана эки Розелла тоту кушун берген. Анын ордуна Европа элигинин үч ургаачысы менен эки текесин алган.
Тергөө иштери уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0