Өткөн суткада коронавирустан 5 бейтап каза таап, 247 адам илдет жуктурду

© Sputnik / Магда Гибелли / Медиабанкка өтүүЛабораториялык кызматкер пробиркаларды көрсөтүп жатат
Лабораториялык кызматкер пробиркаларды көрсөтүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Учурда стационарда дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 342 кишинин абалы оор, 65инин абалы өтө оор экени айтылууда.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 247 кишиден табылса, дарыланып жаткан беш адам каза болуп калды. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
"Бишкекте үч, Чүй облусунда эки бейтап оору менен алышып жатып каза тапты", — деп айтылган маалыматта.
Пандемия башталгандан бери COVID-19 алып кеткендердин расмий саны 1 589 адамга жетти.
Статистиканы карай келгенде, вирус Бишкек шаарынан көп чыгууда.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек - 146;
  • Ош - 1;
  • Чүй облусу – 79;
  • Ош облусу - 2;
  • Талас облусу - 2;
  • Нарын облусу - 6;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу - 3.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 203 адам болду:
  • Бишкек – 119;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 62;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 18.
Учурда стационарда дарыланууда жаткан 1 469 бейтаптын ичинен 342 бейтап оор, 65 бейтап өтө оор абалда экени айтылууда. Штаб амбулатордук дарыланууда 1 817 адамдын бар экендигин кабарлады.
Жаңылыктар түрмөгү
0