Жапаров: электр кубатына тарифти өзгөртпөсөк тезек терген жашоого кайтабыз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы энергетикага алынган карыздарды уурдагандарды текшерип, күнөөлүүлөрдү аныктаганга көп убакыт кетерин белгиледи.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Электр энергиясынын тарифин өзгөртпөсөк кийинки жылы тезек терип, чырак жаккан жашоого кайтабыз. Бул туурасында президент Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчы энергетика тармагындагы көйгөйлөр 30 жылдан бери топтолуп калганын, азыр чечпесе Кыргызстан жарыксыз каларын айткан.
"Мен кечээ күнү келип эле сууну агызып жиберип кризис жаралган жок да. Тээ 30 жылдан бери, айрыкча, акыркы 10 жылдан бери энергетика тармагына карызды алып келе беришкен. Бирок акча ал жакка жумшалбай эле уурдалып кеткен. Көмөк чордон линияларыбыздын баарынын таш-талканы чыгып, итке минип калган. Ооба, коомчулук "эмне үчүн мурдагылар келип уурдап кеткенди эл төлөшү керек, ошолорду кайтарбайсыңарбы" деп жатат. Аны текшерип, күнөөлүүлөрдү аныктап сотко бергенге эки-үч жыл убакыт кетип калат. Муну күтүп бүгүнкү тариф бойдон эч бир саясатты өзгөртпөй кете берсек, эмдиги жылы Токтогул суу сактагычы иштебей калат, токтойт. Анда Кыргызстан электр энергиясыз калат, баягы тезек термей, чырак жакмай деген жашоого түшүп калабыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал калктын жашоо шартына жараша категорияга бөлүп эсептелип, жаңы тарифтер августтан кийин ишке кирерин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0