Жапаров: казино Бишкекке да ачылсын, бирок кыргызстандыктар анын босогосун аттабайт

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүКиши казинодо покер ойноп жатат. Архив
Киши казинодо покер ойноп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Жапаров казинолор КРде 2015-жылга чейин иштеп келгенине токтолуп, эмне үчүн кумарканаларды ачууну колдоп жатканын айтып берди.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде казинону Ысык-Көл облусунда эле эмес, Бишкекте жана облус борборлоруна ачуу керектигин айтты.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков Ысык-Көл облусуна казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун демилгелеп, ал 8-апрелде биринчи окууда каралган.
"Депутаттар демилгелеп киргизген экен, аны колдойм, туура эле болду. Аппаратка Бишкекте жана бардык облустарга ачууга депутаттарга сунуш киргизгиле деп жатам", — деди Жапаров.
Ал казинолор 2015-жылга чейин иштеп келгенине токтолуп, эмне үчүн кумарканаларды ачууну колдоп жатканын түшүндүрүп берди.
Орозодо арам ишке барбагыла! Казиного уруксат берүүдөн чыккан талаштын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Орозодо арам ишке барбагыла! Казиного уруксат берүүдөн чыккан талаштын видеосу
"Анда Кыргызстандын ар бир жараны кирип ойноого акысы бар болчу. Жаш балдар күнү-түнү дебей автоматта ойноп, акчасын уттурган мезгил болгон. Муну шылтоо кылып 2015-жылы айрым депутаттар, айрым саясатчылар биригип алып акча талап кыла баштаган. "Бизге баланча миллион доллар алып келгиле, отметка кылгыла, болбосо жаап салабыз", — дешкен. Казино ээлери акча бергенден баш тартып, өкмөткө тиешелүү салык төлөп жатканын, лизенцияны бир, бир жарым миллионго сатып алганын айтканда, анда иштебейсиңер деп бир абзац мыйзам менен жок кылып коюшкан. Ал менин эсимде. Мен Кыргызстандын жараны казинонун босогосун аттабайт деп мыйзамга жазып койгула деп жатам. Бул чет өлкөлүк туристтер үчүн ачыла турган казино болот",— деди Жапаров.
Президент муну ар кыл жол менен бюджетти толтуруу максатында кылып жатам деген жүйөсүн келтирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0