Бишкектин Билим берүү башкармалыгынын 39 жаштагы жетекчи орун басары көз жумду

© Фото / пресс-служба ГРСБишкек мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Усеин Касмалиев. Архив
Бишкек мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Усеин Касмалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Аткаминердин коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, артында жубайы жана төрт баласы калды.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин 39 жаштагы орун басары Усеин Касмалиев көз жумду. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, ал коронавирус менен ооруп жүргөн. Мэрия маркумдун жакындарына көңүл айтат.
Лабораториялык кызматкер пробиркаларды көрсөтүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Өткөн суткада коронавирустан 5 бейтап каза таап, 247 адам илдет жуктурду
Усеин Касмалиев 1981-жылы Нарында төрөлгөн. Үч жогорку билимдин ээси, ар бирин артыкчылык менен бүтүргөн. Аткаминер мамлекеттик кызматтагы кеңешчи, муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору болгон. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Касмалиев эмгек жолун жер участкаларын берүү боюнча алдыңкы адис катары баштаган. Мэрияда жетекчилик кызматтарды ээлеген. Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы жана консультанты дагы болгон. Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорт каржаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча департаменттин директорунун орун басары катары иштеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0