Дипломаттын өлүмү. Милиция экспертизанын алгачкы жыйынтыгын жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров
ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дипломат анафилактикалык шоктон көз жумганын айткан.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмү боюнча дайындалган соттук-медициналык экспертизанын алгачкы жыйынтыгы даяр болду. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, экспертизанын жыйынтыгы Шакиров жүрөк артериясынын атеросклероз илдетинен көз жумганын көрсөткөн.
Адистер муну менен катар лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын эске алуу менен кылмыш ишиндеги материалдардын көчүрмөсүн изилдеп чыгышкан.
Киши портфель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
ТИМ кызматкеринин өлүмү. Ооруканадагы төрт киши убактылуу иштен четтетилди
Милициядан белгилешкендей, соттук медициналык экспертизанын "цефтриоксон менен физраствор препараттарынын сайылышынан улам жүрөгү кармаганбы?" жана "өлөр алдында алынган препараттар менен жүрөктүн кармашынын байланышы барбы, болсо кандай?" деген суроолорду кароого компетенттүүлүгү жок.
Мындан улам Саламаттык сактоо министрлигинин адистеринин катышуусунда комплекстик соттук-медициналык экспертиза дайындоо пландалып жатат.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бактияр Шакиров анафилактикалык шоктон көз жумганын айткан.
Эске салсак, 2-апрелде ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жумган. Буга байланыштуу аталган оорукана жетекчиси баш болуп, башкы дарыгер, лор бөлүмүнүн башчысы жана медайым убактылуу кызматтан четтетилген.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин күнөөлүүлөргө чара көрүлөрү айтылган.
Нью-Делидеги крематорий  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Крематорий жетишпей көчөдө өрттөлгөн сөөктөр. Индиядагы COVID апааты сүрөттө
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкылардан болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.
Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин билдирген. Министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин таппаганын, акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болорун маалымдаган.
Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги такталбаган мындай маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүп жатканын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0