"COVID жок саякаттайм" тиркемесин колдонгон кыргызстандыктар 5 миңден ашты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТелефондогу "COVID жок саякаттайм" тиркемеси. Архив
Телефондогу COVID жок саякаттайм тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу үчүн жаран App Store же Google Play интернет-дүкөнүнөн "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин көчүрүп алса болот.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. "COVID жок саякаттайм" мобилдик тиркемесин 5 260 кыргызстандык колдонду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Кыргызстан бул маалыматтык системага расмий түрдө 1-апрелде кошулган. Өлкө жарандары коронавируска тапшырган тести оору жок экенин көрсөткөн учурда Россияга негиздемеси жок эле кире алышат. Ал эми анализдин жыйынтыгын кагаз түрүндө көтөрүп жүрбөстөн аталган тиркеме аркылуу алса болот.
20-апрелге карата бул платформага эки мамлекеттик жана төрт жеке лаборатория кошулган. Ошондой эле жарандардан анализди алып лабораторияга жөнөткөн 65 түйүн ачылган.
Тиркемени Армения, Беларусь, Россия жана Кыргызстандын жарандары колдоно алат.
Жүк ташыган фурулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
ЕАЭБ бир катар товарларды июндун соңуна чейин пошлинасыз ташууга уруксат берди
Тиркеме кандай иштейт
Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу үчүн жаран App Store же Google Play интернет-дүкөнүнөн "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин көчүрүп алышы керек. Ал тест тапшырууга мүмкүн болгон жакынкы жердеги лабораториянын дарегин көрсөтүп берет. Лабораторияга барган кезде тесттин жыйынтыгын тиркеме аркылуу алуу ниетин билдирүү зарыл. Мындай учурда жаранга анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун сураган бланка берилет. Бланкадагы QR-кодду мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеп алуу кажет. Жүргүнчү учардан мурда тиркемеден тесттин жыйынтыгын бир карап, мөөнөтүн текшерип коюшу шарт (ПЦР-тестти учарга чейин 72 сааттан эрте эмес убакытта тапшырышы керек).
Учакка отургандан кийин жаран тиркеменин жардамы менен телефондогу QR-кодду көрсөтөт.
Система ЕАЭБ аймагында гана инфекциянын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында иштээри айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0