Кыргыздар качан мал багып баштаганы аныкталды! Археологдун кызыктуу маеги

© Sputnik / Скурихина / Медиабанкка өтүүЖайлоодо жайылган мал. Архив
Жайлоодо жайылган мал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Кыргызстандын аймагында мал чарбачылыгы 8 миң жыл мурун пайда болгонун жергиликтүү археологдор чет элдик адистер менен чогуу аныктай алды.
Изилдөөгө катышкандардын бири, тарыхчы-археолог, Борбор Азиядагы Америка университетинин доценти Аида Абдыканова мындай жаңылыкты окуу китептерине жазса болот дейт. Адис менен Sputnik агенттигинин кабарчысы маектешкен.
© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыздар качан мал багып баштаганын аныктаган тарыхчы-археологдордун бири Аида Абдыканова
Историк-археолог, доцент Американского университета в Центральной Азии Аида Абдыканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргыздар качан мал багып баштаганын аныктаган тарыхчы-археологдордун бири Аида Абдыканова
— Изилдөө иштери качан башталган?
— Окумуштуулар 2014-жылдан бери Баткендеги Обишир үңкүрүн изилдеп келишет. Ар кайсы жылдары жаныбарлардын сөөгүн табышкан. Бирок сөөктөрдүн кайсы жылга таандык экенин билүү үчүн узакка созулган жана кымбат анализ жасалышы керек эле. Аларды Кыргызстанда ишке ашыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан изилдөөгө Новосибирскинин Археология жана этнография институтунан Светлана Шнайдер, АКШнын зооархеологу Уильям Тейлор жана башка чет өлкөлүк адистер көмөктөштү.
Натыйжада анализге жиберилген сөөк 8 миң жыл мурун өлгөн кой менен эчкиники болуп чыкты. Ушундан улам Кыргызстандын аймагында эл жаныбарларды качан короого бага баштаганын билүүгө болот. Буга чейин 4 миң жыл мурун мал чарбачылык менен алектенгени айтылып келген. Көрсө андан эрте болуптур. Ушундай маалыматтардан улам бизде неолит —  жаңы таш доору болгонун билүүгө болот. Буга чейин аныктала элек болчу.
© Фото / Аида АбдыкановаАбдыканова: буга чейин кыргыздар 4 миң жыл мурун мал чарбачылыгы менен алектенгени айтылып келген. Көрсө андан эрте — 8 миң жыл мурун болуптур
Историк-археолог, доцент Американского университета в Центральной Азии Аида Абдыканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Абдыканова: буга чейин кыргыздар 4 миң жыл мурун мал чарбачылыгы менен алектенгени айтылып келген. Көрсө андан эрте — 8 миң жыл мурун болуптур
— Биздин мамлекетте жок изилдөөлөр тууралуу кенен кеп кылсак.
— Zoomss ыкмасы менен сөөктүн коллагенинен алар кой менен эчкиге таандык экени аныкталды. Тиштери аркылуу жашын жана качан союлганын билдик. Бардыгы тең кеч күздө союлуптур. Көчмөн эл ушул убакта мал соёт эмеспи. Ушул дагы бизге жакшы факты болуп калды. Ошондой эле Германиядагы Макс планк институтуна жаныбарлардын ДНКсын изилдөөгө жибердик, бирок койдун эле анализи чыгып калды. Натыйжада ал А гаплогруппага киргени билинди, тагыраагы, эң эле байыркы койлордун бири экени аныкталды. Болжолу менен 10 миң жыл мурун жашаса, бизге 8 миң жыл мурда келип жатат. Койлорду айдап келишкенби же эл менен кошо келгенби, белгисиз. Алар Батыштан Борбор Азияга келди, андан ары Кытайга өтүп кеткен болушу мүмкүн.
Ысык-Көл биосфералык аймагынын сүт эмүүчү жаныбарлар боюнча башкы адиси жана “Хан-Теңири” улуттук мамлекеттик паркынын илим-изилдөө жумуштарынын жетекчиси Александр Верещагин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2021
Ак илбирсти артынан кууп өлтүргөн егерлер болгон. Эколог Верещагин менен маек
Негизи үй жаныбарлары биринчи Жакынкы Чыгыштагы Иран менен Иракта багылып, тараган деп айтылат. Мисалы, азыр биздин ажырагыс азыктарыбыз болгон арпа менен буудай деле бир жерде өстүрүлүп, анан дүйнөгө жайылган да.
Биз, кыргыздар, өзүбүздү көчмөн эл деп ойлойбуз. Окумуштуулар да Казакстан менен Өзбекстанга салыштырмалуу тоолуу, жапайы жер деп ойлошот. Бирок бир жерде отурукташып, мал багып, дыйканчылык менен алектенгенбиз деп айтууга болжолдуу маалыматтар бар. Биздин археологдор эрте коло доорундагы эстеликтерден арпа менен буудайдын калдыгын табышкан. Эми ага терең изилдөө керек.
Мындан тышкары, бизде Кытай сыяктуу тоолордун бетин бөлүп-бөлүп өсүмдүк өстүргөн жерлер бар. Аларды бирөө жасаган да. Көлдүн Тосор айылында азыркыга чейин байыркы чоң арыктарды жергиликтүүлөр колдонуп келет.
© Фото / Светлана ШнайдерАбдыканова: чет мамлекетке анализге жиберилген сөөк 8 миң жыл мурун өлгөн кой менен эчкиники болуп чыкты
Археологические находки доцента АУЦА Аиды Абдыкановой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Абдыканова: чет мамлекетке анализге жиберилген сөөк 8 миң жыл мурун өлгөн кой менен эчкиники болуп чыкты
— Бул жаңылыктарга мамлекет кандай көңүл буруп жатат?
— Илимдер академиясынын Тарых институтунун талаа изилдөө комитетине презентациялаганбыз. Азыр кесиптештер арасында таң калууну жана талкууну жаратып жатат. Чет элдик окумуштуулар деле бизде ушундай ачылыштар болоруна ишенген эмес. Мындай илимий ишти калкка түшүндүрүү кыйыныраак. Ошондуктан ЖМК аркылуу жаңылыкты таратып жатабыз.
— Кой менен эчкилердин кайсы породага таандык экенин биле алдыңыздарбы? Себеби Тажикстан гиссар койлор бизден чыккан деп айтып келет экен.
— Гиссар тууралуу генетикалык изилдөөдөн кийин так айтуу мүмкүн. Менимче, бул породадагы койлор деле изилдене элек, факты жок эле талаш-тартыш болуп жаткан болушу ыктымал. Баткендин Обишир эстелигинде сөөгү табылган койлордун тукуму Ovis aries экен. Алардын жүнү калың, аппак келет, куйругу кадимкидей эле.
© Sputnik / Жоомарт УраимовТарыхчы-археолог: мындай илимий ишти калкка түшүндүрүү кыйыныраак. Ошондуктан ЖМК аркылуу жаңылыкты таратып жатабыз
Историк-археолог, доцент Американского университета в Центральной Азии Аида Абдыканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Тарыхчы-археолог: мындай илимий ишти калкка түшүндүрүү кыйыныраак. Ошондуктан ЖМК аркылуу жаңылыкты таратып жатабыз
— Макала эмне себептен жергиликтүү басылмаларга эмес чет элдик Nature Human Behavior сайтына жарыяланды?
— Улуттук илимдер академиясы атайын илимий журнал чыгарып турчу, бирок каражаттын аздыгынан токтоп калды. Катардагы ЖМКга илимий макаланы берүү кыйын, себеби материал көлөмдүү болгондуктан кыскартылып кетет. Ошондуктан англис тилинде Nature Human Behavior журналына берүүнү туура көрдүк.
— Каржылоо жагы кимдин мойнунда болду?
— Кыргызстанда археологиянын акчасы аз, адистер да жетишсиз. Обиширдеги изилдөөнү Новосибирск институту каржылады. АКШ менен Германияга анализдерди бекер жасатуу үчүн долбоор жазганбыз. Мындайча айтканда, жакшы изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн чет элдик адистер менен иштешүү керек.
— Сиздерге акы төлөнүп берилдиби?
— Изилдөө бул кызыгуу да. Өзүң үчүн, өлкө үчүн иштейсиң. Тарыхчы-археологдун баары эле окуу жайларда мугалим. Университет бизди изилдөөлөргө жөнөтүүдө уюштуруучулук иштерин аркалайт. Ошондуктан айлык эле алабыз.
© Фото / Светлана ШнайдерАбдыканова: Кыргызстанда археологиянын акчасы аз, адистер да жетишсиз. Жакшы изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн чет элдик адистер менен иштешүү керек
Археологические находки доцента АУЦА Аиды Абдыкановой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Абдыканова: Кыргызстанда археологиянын акчасы аз, адистер да жетишсиз. Жакшы изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн чет элдик адистер менен иштешүү керек
— Мындай иштерди жүргүзүүгө уруксат аласыздарбы?
— Улуттук илимдер академиясы уруксат кагаздарын берет. Мыйзамсыз бир да жер казылбайт. Азыр, мисалы, Токтогул суу сактагычына барып ар ким казып жатканы туура эмес, муну токтотуш керек. Эл алтынга кызыгышы мүмкүн, бирок ал жакта кен байлык деле жок. Көп болсо шакек, иймек чыгар, андан байып деле кетишпейт.
— Мындайча айтканда, Токтогул суу сактагычынын тартылып кеткен жерлеринде кен байлык жок турбайбы?
— Ар бир доордун өзгөчөлүгү бар. Сак доорунда маркумду идиш-аяк, тамак-аш, жаныбары, кийим-кечеги, алтын-күмүшү менен көмүшкөн. Ошол учурдан бери эле уурдалып келе жатат. Жакында табылган Беловодское айылындагы коргонду да бир нече жолу талкалап, ичинен казып кетишиптир.
— Баса, ошол Чүйдөгү коргон азыр эмне болду? Күзүндө сууктап кеткендиктен изилдөө иштерин токтото турабыз дедиңиздер эле?
— Бул өлкөдө казылган төртүнчү же бешинчи чоң коргон. Бирок Беловодское айылындагы көрүстөндүн ичинин жасалышы жана айланасын курчаган сегиз шакекче башкалардан айырмаланып турат. Ичинен малдын, адамдын сөөктөрү, идиш-аяктар чыккан. Кенен маалымат алуу үчүн сөөктөрдү ДНК анализге жибергенбиз.
Учурда коргон ачык эле турат, каалоочулар барып көрсө болот. Бирок тарыхый жерге этият мамиле кылышса деп суранып кетер элем. Ал жакка ишкана курам деген ишкер тарыхый жерди курчап берем деп жатат. Андай учурда деле экскурсиялар уюштурулат.
— Алдыда кандай пландар бар?
— Обиширдеги изилдөөбүздү улантабыз, ал жактагы дагы башка сөөктөрдү изилдөөгө берип, жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бул изилдөөнүн башталышы гана деп айтсак болот.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАбдыканова: изилдөө бул кызыгуу да. Өзүң үчүн, өлкө үчүн иштейсиң
Историк-археолог, доцент Американского университета в Центральной Азии Аида Абдыканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Абдыканова: изилдөө бул кызыгуу да. Өзүң үчүн, өлкө үчүн иштейсиң
Мындан тышкары, ушул жайда Светлана Шнайдер жана Уильям Тейлор менен Алай тоолоруна баралы деп жатабыз. Ал жак муз, суук болгон жерде органика да жакшы сакталат.
Баткен облусунун Лейлек районунун кире беришиндеги арка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Алгачкы адамдар жашаган жерби? Лейлектин аталышы жана тарыхы тууралуу фактылар
Андан сырткары, мезеолит дооруна таандык Нарындагы "Айгыр-Жал 2" деген эстеликте казуу иштерин улантыш керек. Ал жакта адамдар 14 миң жыл мурун жашаган болушу мүмкүн. Ал кезде Нарындын аймагы жылуу болгон, анан сууктаганда кишилер башка жакка көчүп кетишкен.
10 жылдан бери эстеликти сактоо жумуштарына күч кетип жатат. Мында тарыхый жерлерди аныктап, маалымат топтоп, картасын түзөбүз. Азыр сактап койсок кийин шашпай изилдеп алабыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0