COVID жуктургандарды дарылайт. Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Коронавирус жуктургандарды дарылоо үчүн дагы бир оорукананын бөлүмүндө 100 кошумча орун даярдалган.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 менен ооруп жаткандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош орду бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
26-апрель саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 9 ооруканада 193 орун бош.
  • Улуттук хирургия борбору — 3;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 13;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 10;
  • Улуттук госпиталь — 20;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 15;
  • №6 шаардык клиникалык оорукана — 8;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 14;
  • Чүй облустук оорукана — 10.
Улуттук госпиталь. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары бөлүмү — 100.
Өткөн суткада Кыргызстанда 199 кишиден коронавирус аныкталып, эки бейтап көз жумду.
Жаңылыктар түрмөгү
0