"Чоңко эненин" жомогуна канып... Бексултан Жакиев жөнүндө 8 факты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТемир Сариев поздравил драматурга, прозаика Бексултана Жакиева с 80-летием
Темир Сариев поздравил драматурга, прозаика Бексултана Жакиева с 80-летием - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Жазылуу
Бүгүн, 25-апрелде, белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев дүйнө салды. Январь айында 85 жашка толгон жазуучу акыркы учурда ооруп жүргөн экен.
Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу драматург, заманынын залкары аталган улуу инсандын өмүрүнүн айрым урунттуу учурларына токтолуу менен факты даярдаган.
Бул материалды даярдоого ачык маалымат булактар жана Бексултан Жакиевдин маектеринде айтылгандар колдонулду.
Бала чагы, "чоңко эненин" тарбиясы. Бексултан Жакиев Улуу Ата Мекендик согуштан мурдараак туулган. Тагыраагы, 1936-жылдын 16-январында Ысык-Көл районунун Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген.
...Бексултан Жакиев чоң атасы Абийир аксакалдын колунда чоңоёт. Эки чоң энеси болгон. Чоң апасынын бири казан-аякка көп киришпей, бала тарбиялоо милдетин алган өңдүү. Ал киши дайыма небере-чөбөрөлөрүнүн бирин жонуна, бирин колуна көтөрүп, дагы бирөөнү жетелеп эшиктеги дөңгө отуруп алып, жомок десе чынга, чын десе жомокко окшош окуя, аңгеме, эпосторду айтып берчү экен. Алардын бири — "Эр Табылды" эпосу экенин драматургдун өзү эскерген жайы бар.
"Чоң энемди Имаш деген иним тили келбей Чоңко эне деп койчу. Аны туурап биз дагы, бизди туурап айылдагы балдар да "чоңко эне" деп чакырышчу. Ошол энебиз жомокторду жана Эр Табылдыны көрүп келгендей, жанында жүргөндөй укмуштуудай айтчу", — деген Жакиев балалыгы тууралуу айтып берип жатып. 
© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев кинооператор Кадыржан Кыдыралиев, режиссёрлор Лилия Турусбекова жана Геннадий Базаров менен
Кинооператор Кадыржан Кыдыралиев, режиссер Лилия Турусбекова, писатель Бексултан Жакиев и режиссер Геннадий Базаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев кинооператор Кадыржан Кыдыралиев, режиссёрлор Лилия Турусбекова жана Геннадий Базаров менен
Классташы — залкар Төлөмүш Океев. Белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океев экөө 1-класстан 8-класска чейин бир класста, бир партада отурган классташ болушат. Бирок 8-класстан Төлөмүш Океев Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаары — ред.) №5 мектеп-интернатында окуп калат.
Народный артист СССР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Кийинки кезде концертке чыккандан тартынчу болдум. Самара Токтакунова менен маек
Жакиев бул тууралуу: "7-классты бүткөндөн кийин жайлоодон келсем, Төлөмүш менен дагы бир теңтушубуз Сакен экөө борбордогу №5 интернаттан окуйбуз деп документин жиберишиптир. Мени да "жүрү" дешкенден документимди Сакенден берип жибердик. Ошентип, 30-августта экзамен берип өтүп кетишти, мен ал күнү барбай калып окубай калдым. Анан "үйгө кантип барам? Эми эл эмне дейт?" — деп сарсанаа болуп Төлөмүш экөөбүз киного баратып тааныш балдарга жолугуп калдык. Алар финансылык техникумга балдар керек экенин айтышкандан, кийин ал жакка барып өтүп кеттим. Ал кезде азыркы орус драма театры турган жерде театр болор эле. Анда операсын да, кыргызча спектаклдерди да коёт экен. Анан күндө келип "Отеллону", "Ажал ордуна", "Алтын кыз", "Запорожец за Дунаем" деген пьеса, операларды көрдүм. Күндө эле бара берген окшойм, бир күнү барсам эле театрдын тегереги жымжырт. "Артисттер күндө эле жыргап оюн коё беришпейби" деп таң калып жатпайымбы. Көрсө, алардын да жумушу кыйын, артисттер да чарчайт экен да. Ошентип 10-сентябрда чоң атам катуу ооруп жаткандыгы тууралуу телеграмма келди. Мен дароо эле даярданып Балыкчыга бир конуп жетип барсам, ал киши сопсоо таш жолдо ат минип кетип бара жатат. Алдап коюшканын дароо түшүндүм. Ачуум келип "кайра кетем" деп чыктым. Бирок эртеси абалды түшүнгөн соң, айылдагы мектепте окуп калдым. Ошол 8-класстан баштап мектепте спектаклдерди коюп баштагам", — дейт маектеринин биринде.
А негизи Бексултан Жакиев чоң атасын абдан жакшы көргөн. Фрунзедеги театрдан көрүп келген пьесалардын таасири менен ал мектептен "Ажал ордуна", "Алтын кыз", Кубанычбек Маликов менен Аманкул Куттубаевдин "Биз баягы эмеспиз" деген драмаларды коёт. "Ажал ордуна" драмасында Искендердин ролун өзү аткарат. Кийин студенттик жылдарында тайпалаштары менен бирге "Курманбек" драмасын койгон. Мында Курманбек менен калмактын каны Дорунун согушкан жерин сахналаштырат. 
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссёр Төлөмүш Океев, жазуучу Бексултан Жакиев жана драматург Мар Байжиев
Режиссер Толомуш Океев, писатель Бексултан Жакиев и драматург Мар Байджиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Режиссёр Төлөмүш Океев, жазуучу Бексултан Жакиев жана драматург Мар Байжиев
Таланттар бирге окуган студенттик жылдар. Жакиев 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетине тапшырат. Бексултан Жакиев 1960-жылдары мыкты жазуучулар, кийин маданият, адабият чөйрөсүнө жарыгы тийген белгилүүлөр менен бир курста окуган. Алар: Камбаралы Бобулов, Сейит Жетимишев, Ашым Жакыпбеков, Чөкү Дөөталиев, Жалил Садыков, Сарман Асанбековдор.
Жалаң дөө-шаалар чогулган топтогу студенттер университетте адабий ийрим менен драма кружогун уюштурушат. Алар ар кандай драма, спектаклдерди коюп, айылдарды кыдырган да учурлары болгон экен.
Жолчуларга кымыз берип отурган СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2020
Сценарийи жатаканада жазылган. "Бакайдын жайытындагы" сейрек сүрөттөр
Чыгармалары. Жакиевдин драмаларынын көбү адам турмушунун көйгөйлөрүнө арналган. 1964-жылы "Миң Кыял", 1967-жылы "Алтын аяк", 1972-жылы "Өкүм", 1975-жылы "Эртең - жаңы жыл", 1979-жылы "Жолугушуу", 1981-жылы "Күттүргөн жаз да келер", 1982-жылы "Саадак какты", 1989-жылы "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", 1990-жылы "Жаза" жана башка драмалары жарык көргөн. Ушул кезге чейин актуалдуулугун жоготпогон "Атанын тагдыры" драмасы боюнча опера (Гусев) жазылса, "Саадак какты" драмасы боюнча балет (Жумабаев) коюлган. Анын кээ бир чыгармалары казак, якут, орус жана башка тилдерге которулуу менен чет өлкөлөрдөгү театрларда да коюлуп жүрөт.
"Манасты" эл билсин деп. Бексултан Жакиев 2011-жылы "Манас" эпосунун кыскарган эмес кичирейтилип, чакан кылып жасалган вариантын иштеп, басмадан чыгарган. Жазуучу эпостун көлөмү чоң болгондуктан анын 99 пайызын эл билбей бара жатканын эске алып, аны кичирээк көлөмдө чыгарууну көздөйт. Муну "Манастын" 1000 жылдыгында эле өкмөткө сунуш кылган.
Бул вариант боюнча жазуучу: "Кысылган вариантта окуяларды, сюжетти эч кыскартпай, тек гана аны кысуу, ашыкча кайталоолордон тазалоо жолу менен иштеп чыктым. Бул – окууга оңой, окурмандын кайсы катмарына болсо да кабыл алууга ыңгайлуу", – деген. Анын бул эмгеги өзбек тилине да которулган. 
Маданиятты өнүктүрүү менен алектенген Жакиевдин эмгек жолу... 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, андан кийин киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган. Эмгек жолун окутуучу болуу менен баштаган. 1963-1968-жылдары "кыргыз кереметине" көп кинолорду берген  "Кыргызфильм" киностудиясында редактор болгон. Маданият министрлигинде иштеп, анан кайрадан 1972-1975-жылдары Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редакторлук ишти аркалаган.  Бул учур да кыргыз киносунун гүлдөө доору эле. 1988-1992-жылдары Кыргыз театр ишмерлери союзунда катчы болуп эмгектенген. 1994-2000-жылдары “Манас 1000” мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси жана директору, 1994-жылдан тарта КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеген. Бул аралыкта драматург Жакиев кыргыз маданиятынын байышына, өсүшүнө өзүнүн билимин, тажрыйбасын жумшады.
Жазуучу 80 жылдык мааракеден баш тарткан. 2016-жылы Бексултан Жакиев өзүнүн 80 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүдөн баш тарткан. Ал киши мындай чечимин өсүп келе жаткан муунду туура багытка тарбиялоо башкы маселеге айланып жаткандыгы менен түшүндүрүп, той-мааракелерге кетүүчү каражатты маданиятты өнүктүрүүгө жумшоо керектигин билдирген. Чындыгында бул жакшы саамалык болгон.
Ошентсе да белгилүү драматургдун 80 жылдыгына карата республикада китеп көргөзмөлөр, агартуучу маданий иш-чаралар өткөн. 
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБелгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев январь айында 85 жашка толгон. Жазуучу акыркы учурда ооруп жүргөн
Герой Кыргызстана, народный писатель КР, драматург и кинодраматург Бексултан Жакиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев январь айында 85 жашка толгон. Жазуучу акыркы учурда ооруп жүргөн
Үй-бүлөсү, сыйлык-наамдары. Бексултан Жакиев жубайы Сабира Турсункулова экөө 65 жылдай бирге өмүр сүрүштү. Алар эки уул, бир кызды тарбиялап, тууруна кондурушкан. Кызы Гүлмира Жакиева Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыка факультетинин деканы болуп эмгектенет.
Советский казахский поэт, писатель, драматург, акын Баянгали Алимжанов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2020
Айтматов ыраазы болуп, Жусуп Мамай бата берген. Казак манасчы Алимжановдун маеги
Белгилүү драматург Бексултан Жакиев 1974-жылы Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, 1989-жылы КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, 1993-жылы Кыргыз эл жазуучусу жана III даражадагы "Манас" ордени жана Даңк медалынын ээси болгон. Ошондой эле боордош казак элинин да мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылган. 1994-жылы Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон. 1999-жылы Казакстандын Астана медалы менен сыйланган. Ошону менен катар Бексултан Жакиевге эң даражалуу наам - Кыргыз Республикасынын Баатыры ыйгарылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0