Боом капчыгайындагы жол жарым-жартылай жабылып турат

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомобильная трасса через Боомское ущелье
Автомобильная трасса через Боомское ущелье  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Жазылуу
Кооптуу таштар жакынкы күндөрү саат 09:00дөн 15:00гө чейин кулатылат. Автоунаалар бир тилке менен жүрсө болот.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. 26-30-апрель күндөрү Боом капчыгайындагы жол жарым-жартылай жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Трассаны бойлой темир жол дагы жайгашкан.
Мындай иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо маалында автоунаалар бир тилке менен жүрөт. Жол кыймылын көзөмөлдөө жоопкерчилиги ЖКККББга жүктөлгөнү айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0