Ташиев Кемпир-Абад боюнча Өзгөн эли менен жолугуп жатат. Сүрөттөр

© Фото / Зульфия ТургуноваМитинг против передачи земли вокруг Кемпир-Абадского водохранилища Узбекистану в Узгенском районе
Митинг против передачи земли вокруг Кемпир-Абадского водохранилища Узбекистану в Узгенском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Жазылуу
Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадиондо өтүп жаткан жыйынга 2 миңге чукул жергиликтүү жашоочу чогулду.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыккан Өзгөн районунун жашоочулары менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушуу өткөрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
© Фото / Зульфия ТургуноваКемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыккан Өзгөн районунун жашоочулары менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушуу өткөрүп жатат.
Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыккан Өзгөн районунун жашоочулары менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушуу өткөрүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыккан Өзгөн районунун жашоочулары менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушуу өткөрүп жатат.
© Фото / Зульфия ТургуноваЭске салсак, Өзгөн районунун жашоочулары суу сактагычка караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыгып, суу жегине боз үйлөрдү тигип алышкан.
Эске салсак, Өзгөн районунун жашоочулары суу сактагычка караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыгып, суу жегине боз үйлөрдү тигип алышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Эске салсак, Өзгөн районунун жашоочулары суу сактагычка караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыгып, суу жегине боз үйлөрдү тигип алышкан.
1/2
Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыккан Өзгөн районунун жашоочулары менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушуу өткөрүп жатат.
2/2
Эске салсак, Өзгөн районунун жашоочулары суу сактагычка караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыгып, суу жегине боз үйлөрдү тигип алышкан.
Эске салсак, Өзгөн районунун жашоочулары суу сактагычка караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыгып, суу жээгине боз үйлөрдү тигип алышкан. Анда элдин талабын угуу үчүн өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев барган. Бирок чогулгандар анын жообуна канааттанбай, Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан эле.
"Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадиондо өтүп жаткан жыйынга 2 миңге чукул жергиликтүү жашоочу чогулду. Келгендер колдоруна "Ата конуш, ата бейит, ыйык мурас жер-суулар элге таандык. Эч кимге бербейбиз", "Кыргыздын жер-суулары мамлекетке керек болбосо, элге керек", "Протокол жокко чыксын", "Кемпир-Абад элдики", "Жер-сууларыбызды берип чечкен чек ара маселеси бул чечим эмес!" деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушат", — деди кабарчы.
Ташиев сөз алып, жыйынды тынч өткөрүүгө, чогулган элди сабырдуулукка чакырды. Ал Өзбекстан менен чек арага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын түшүндүрүп берүү үчүн Өзгөнгө келгендигин айтты.
Буга чейин УКМК төрагасы ушул эле маселе боюнча Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Ынтымак айылынын эли менен жолугушкан
Жаңылыктар түрмөгү
0