Аптаптуу ысык болот. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКыз колунда телефон менен. Архив
Кыз колунда телефон менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Жазылуу
Бул жумада өлкө аймагында жаан-чаачын болбойт, абанын температурасы жогорулап шаарларда 32 градуска чейин жетет.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат таратты.
Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши мүмкүн.
Чүй, Талас облустарында дагы апта ичинде жаан-чаачын күтүлбөйт.
Токтогул суу сактагычындагы суу азайып кеткен учурда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Суусу тартылган Токтогул суу сактагычынын түбүнөн эмнелер чыкты. Сүрөт, видео
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күн чайыттай ачылып, абанын температурасы 32 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көл облусунда 26-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түнкүсүн кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Нарын облусунда дагы бул жумада жамгыр жаабайт.

30-апрелде жана 1-майда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын божомолу

30-апрелде күн ачык болот. 1-майда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ал эми күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0