Жүк ташып иштейм. АКШда чемпион болгон мушкер Зулкарнайн менен маек

© Фото / предоставлено Зулкарнайном КамчыбековымCage Fury Fighting Championships уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Зулкарнайн Камчыбеков
Cage Fury Fighting Championships уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Зулкарнайн Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Зулкарнайн Камчыбеков 2015-жылдан тарта Америкада турат. Жакында эле ал UFC үчүн спортчуларды даярдоочу алдыңкы уюмдардын биринин чемпиону болду. Кыргызстандык балбан менен турмушу тууралуу баарлаштык.
Cage Fury Fighting Championships (CFFC) уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Зулкарнайн Камчыбеков экинчи айлампада америкалык Жесси Смитти жеңип чыкты. Бул беттеш жөнүндө жар салууда CFFC уюму Камчыбековду "аны менен таймашка даап чыккандардын баарына чоң көйгөй" болчу спортчу катары тааныштырды.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы алты жыл мурун Филадельфияга жер которгон, кыйынчылыктарга карабастан АКШнын алдыңкы MMA-промоушендеринин биринин чемпиону болууга жетишкен мекендеш менен маектешти.
— Жеңишиңиз баарыбыз үчүн сыймык болду. Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
— Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш кыштагынан болом, бирок Ак-Суу айылында өстүм. Бала кезден бери спортко кызыгам, күрөшкө түшчүмүн. 8-класстан тарта Олимпиадалык резервдин Республикалык окуу жайына киргем. Мелдештерге көп чыктым. 2015-жылы спортчулар тобу менен биргеликте АКШга күрөш беттешине келгем. Турнирден соң кээ бир кыргызстандыктар, анын ичинде мен да аталган державада калууну чечтик.
— Күрөштүн аралаш түрүнө кантип келип калдыңыз?
— Күрөш боюнча менин машыктыруучум да Кошмо Штаттарда калган. Ал бир жолу тааныш спортчуга спортзалда беттешке даярданууга жардамдашууну өтүндү. Керээли-кечке машыгып, өз ара беттешип, күрөштүн элементтерин өздөштүрдүк. Кечке жуук залдын машыктыруучусу MMA таймаштарына катышууну сунуштады. Бири-бирибиздин даректерибизди алып, бир нече ай кабарлашып турдук. Анткени ал убакта мен башка штатта иштечүмүн. Кийинки жылы Филадельфияга көчүп келип, ошол залда машыга баштадым.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Zul’qarnain Kamchybek (@eefc_155)

— Чемпиондугуна татыган промоушен тууралуу да кеп салсаңыз.
— Cage Fury FC — бул ММА боюнча бир нече аймактык уюмдардын бири. Адатта UFC өздөрүн балбан, чемпион катары жакшы көрсөтө алгандарды тандайт. Албетте, сый акыларын (гонорарларын) салыштырып болбойт. Эгер UFC менен келишим түзгөн спортчулар карьерасынын башталышында бир беттеш үчүн 18-19 миң доллар алышса, биздин промоушенде таймаштагы алган каражат тамак-ашка гана жетет. Ошондуктан мелдештер ортосунда биз акча табуу үчүн иштөөгө аргасызбыз. Американы байырлагандан бери такси айдап, курулушта иштөөгө да үлгүрдүм... Азыр трак айдап, жүк ташыйм.
— Титулдук беттешке кантип камындыңыз? Канча ирет жеңип чыктыңыз?
— Былтыр сентябрь жана декабрда атаандаштарымды жеңип, ошондон кийин мага титулдук таймашка катышууга жол ачылды. Олуттуу түрдө даярдык көрдүк, дээрлик иштебей беттешке гана машыктым. Досторум азык-түлүк жагынан жардамдашып, мага шарт түзүп беришти. Баары титул үчүн таймаштын маанисин түшүнүшкөн. Ошондой эле АКШда жашаган көрүнүктүү кыргызстандык спортчулар да көмөктөштү. Данияр Көбөнов (күрөш боюнча Азиянын эки жолку чемпиону), Руслан Түмөнбаев (Азия чемпиону, Олимпиаданын коло медалынын ээси) жана башкалар тажрыйбаларынан бөлүшүп, мага дем берип шыктандырып турушат. Анан, албетте, башкы машыктыруучум — Жон Маркез. Алгач таанышкан күндөн тарта жылдызыбыз келишкен. Өзү күрөшчү болсо да мага оксуз күрөштү үйрөтөт, азыр мага тик туруп күрөшүү жагат.
Титулдук таймашка даярданып жатканда биз кандайдыр бир уникалдуу тактиканы деле өздөштүргөнүбүз жок. Баары адаттагыдай эле жүрдү, тек гана мурдагыдан ынтаалуу машыктык. Көп мээнеттендик, ошол аракетибиз жыйынтык алып келди. Биз пландагандай эле белгиленген убакыттан эрте жеңип чыктык. Машыктыруучуларга ырахмат, мени башынан таптап чемпиондукка жеткиришти. Азыр менин активимде беш жеңиш, бир утулган учурум бар.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Zul’qarnain Kamchybek (@eefc_155)

— Сиз уттурган жигит азыр UFC мелдештеринде ийгиликтүү спортчулардан…
— 2019-жылы америкалык Мэтт Семелсбергер менен беттешкем. Калыстардын чечими менен утулгам, менимче, ал убакта даярдыгым, тажрыйбам жетишсиз эле. Азыр Мэтт UFC таймаштарында жакшы чыгып жүрөт. Анда оор салмакта катышкам, азыр мен жеңил салмакта чыгам. Өз категориямды эми таптым окшойт. Реванш тууралуу айтсам... Бул ойго келбептир, анын үстүнө салмак категорияларыбыз ар бөлөк. Ал жакшы жигит, ийгилик каалайм.
— Кошмо Штаттарда спорттук карьера жасоо татаалбы?
— Башында абдан кыйналдым, анткени эч кандай колдоо жок эле. Өзүң тырышып, күндүзү иштеп, кечинде машыгасың.
Баары адамдын канчалык шыктанганына, машыгууга канчалык тырышууга даярдыгына жараша. Ийгиликке жетишип калган балбандарга алда канча жеңил, себеби алардын демөөрчүлөрү, тааныштары бар. Ошентсе да Америкада балбандар үчүн мүмкүнчүлүк көбүрөөк, күрөштүн аралаш түрү бул жакта жакшы жолго коюлган. Эгер жалпысынан алсак, АКШда жашоо жеңил, анткени элдин экономикалык жагдайы жакшыраак.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Zul’qarnain Kamchybek (@eefc_155)

— Мекенди сагынасызбы?
— Албетте. Жаңылыктарды үзбөй карайм, жакындарым менен телефон аркылуу сүйлөшүп турам. Дагы жакшы, Филадельфияда кыргызстандыктар көп. Кезигип, бири-бирибизди колдоп турабыз.
Өлкөгө кайтуу ниетим бар, бирок адегенде карьерамда бийиктикке жетким келет. Албетте, UFC уюмунан чакыруу келет деп үмүттөнөм. Планетанын мыкты спортчуларынын катарында өзүмдү көрсөтүүнү кыялданам. Буга толук даярмын деп эсептейм. Кандай болорун көрө жатарбыз, ал эми азырынча машыгып, иштей бермекчимин.
Жаңылыктар түрмөгү
0