Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКишилер паркта сейилдеп жүрөт. Архив
Кишилер паркта сейилдеп жүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
25-апрелге караган түнү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Жекшембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +13…+18 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбордо +22…+24, Ош шаарында +25…+27 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0