Тажикстанга кармап кетишкен. Баткенде жоголгон балдар үйүнө кайтарылды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOТажикстандын чек арачылары. Архив
Тажикстандын чек арачылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Бүгүн социалдык тармакка эки уландын түндөтөн бери жок болуп, энеси аларды табууга жардам сурап жатканы боюнча видео тараган.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Лейлек районундагы чек аралаш аймакта жоголгон 19 жана 21 жаштагы эки жигит Тажикстандан табылды. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, бүгүн социалдык тармакка эки уландын түндөтөн бери жок болуп жатканы боюнча видео тараган. Анда Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын жашоочусу кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта курулуп жаткан тигүү цехинде иштеген уулу менен анын досу жоголуп кеткенин айтып, ыйлап жатканы тартылган.
УКМКнын Бишкектеги имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Тажикстан менен чек арага жакын жерде жоголгон уландар боюнча УКМК үн катты
Маалыматка ылайык, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында балдар "Оочу-Калача" посту аркылуу кайтарылган. Бирок азырынча алардын эмне себептен Тажикстанга алынып кеткени тактала элек.
Учурда тиешелүү органдар тарабынан кыргызстандык балдардын кармалышы боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы белгиленет.
Бул жигиттер менен кошо мурда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелип кармалган алты кыргызстандык да бошотулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0