Эстебес Турсуналиевдин байбичеси Рая апа: бир эле арманым бар...

© Sputnik / Табылды КадырбековТөкмө-акын Эстебес Турсуналиевдин жубайы Райкул Деркембаева
Төкмө-акын Эстебес Турсуналиевдин жубайы Райкул Деркембаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Кыргыз элинин залкар төкмөлөрү Калык Акиев, Осмонкул Бөлөбалаев баштаган акындарга шакирт болгон Эстебес Турсуналиев быйыл 90 жашка чыкмак.
Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу инсандын жубайы Райкүл Деркембаева менен баарлашып, Эстебес Турсуналиевди эскерди.
— Быйыл эл ырчысы Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы экен, мааракеси өтөбү?
— Азыр радио менен теледен Эстекем эскерилип, берүүлөр кетип жатат. Акындын 90 жылдыгын республикалык деңгээлде өткөрүү тууралуу токтом чыккан. Негизи туулган күнү 5-майда, пандемиядан улам филармония да жабылып эми эле ачылбадыбы. Эгер эпидемиологиялык абал курчубай филармония иштеп турса, туулган күнүндө Эстебес Турсуналиевге арналган концерт өтөт. Ал эми мааракелик иш-чара жылдын аягына чейин өткөрүлө берилерин айтышууда.
— Биз кичинебизде теледен Эстебес атанын залкар акындарга жолукканы тууралуу айтканын, алардын ар кандай окуяларын угар элек. Ырларын ырдап берер эле. Бир катар залкардын көзүн көрүп, сабагын алып калыптыр. Устаттары тууралуу айтып берсеңиз?
— Бул киши тогуз жашынан комуз черте баштаган экен. Атасы да мыкты комузчу болгондуктан айылдагы мыкты комуз чапкан кишиге айтып, уулуна атайын комуз чаптырып берет. Ал убакта согуштан кийинки кыйын заман эле. Апасы кырманда иштеп, Эстекем кенедейинен атка минип мала тартыптыр. Бир жолу Алымкул Үсөнбаев айылга барып калып, Эстекемди ырдатып көрүп жактырат. Ошентип 14 жашында филармонияга алып келген экен. Ошол убакта филармонияда Осмонкул Бөлөбалаев, Шекербек Шеркулов, Ысмайыл Борончиев, Токтоналы Шабданбаев, Абды Байсабаев өңдүү залкарлар иштеп турат. Алымкул аксакал Эстебести алардын алдында ырдатат. Осмонкул Бөлөбалаев ырын угуп эле "ой Алыке, бул балаңды мага бер" деп сурап, шакирт кылып алат. Алымкул Үсөнбаев ал кезде депутат болуп, командировкага да көп чыкчу эмес да. Осокем ырдап жатканда Эстекем көрүүчүлөрдүн алдыңкы сабына отуруп алчу экен. Ал кезде көбүнчө талаа-түздү кыдырып, колхоздо иштегендерге концерт коюшчу да. "Осокем бир ырдаган сөзүн экинчи кайталачу эмес. Алтымыш кишинин аты-жөнүн берсе да жаңылбай саначу" деп айтып калчу. Бул жагынан Эстекем устатын тарткан. Эс тутуму укмуш болчу, эч бир жаңылчу эмес. Ал убакта филармонияда иштеген ошол кездеги залкарлар менен бирге жүрүп, баарынын эле таалимин алыптыр. Алымкул Үсөнбаевди да устатым дечү.
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхРайкүл Деркембаева: апасы кырманда иштеп, Эстекем кенедейинен атка минип мала тартыптыр
Акын-импровизатор Эстебес Турсуналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Райкүл Деркембаева: апасы кырманда иштеп, Эстекем кенедейинен атка минип мала тартыптыр
— Эстебес Турсуналиевдин атасы комузчу, апасы кошокчу болуптур. Акындык талант ошол жактан келген го...
— Апасы чоң кошокчу болгон. Замирбек Үсөнбаевдин апасы менен биздин энебизди мартабалуу адам өткөндө кошок кошуп берүү үчүн Таластын баш-аягына алып кетишчү экен. Экөө жанына сары май койдуруп, улам тамагын жибитип укмуш кошчу дешет. Ал эми атасы мыкты комузчу болгон. Эстекемдин төкмөлүккө шык, жөндөмү канында эле.
— Эми устаттарынан алган өнөрүн шакирттерине мурас кылды да. Себеби булардан кийин кыргызда акындыктын учугу үзүлүп калабы деген кооптонуу болду эле...
Дочь мелодиста, композитора Рыспая Абдыкадырова Алтынчач Абдыкадырова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Рыспай Абдыкадыровдун тун кызы Алтынчач: атамдын каза болгонун теледен уккам
— Ошондой кооптонуу болгон. Эстебес Турсуналиевдерден кийин Замирбек Үсөнбаев, андан кийин Абдылда Нуралиев чыкты. Алымкул аксакал каза болгондон кийин (Алымкул Үсөнбаев — ред.) Замирбекти апасы жетелеп келип Эстекеме тапшырган. Ал киши абышкасын "ырчы" деп тергеп койчу. Андан кийин Таласта командировкада жүрсөк Амантай " төкмө акын болгум келет" деп келиптир. Ырдатып көрүшсө идиреги бар экен, Таласта концерт коюп бир ай жүрүп, армияга да жибербей кызыл билет алып берип, Амантай Кутманалиев менен Малик Аликеевди Филармонияга алып келген. Эстекем өз балдарына да кызыл билет алып берген эмес (күлүп). Кудайга шүгүр, азыр экөө тең КРдин эмгек сиңирген артисти болушту.
Абышкам кийин Садык Шер-Нияз негиздеген "Айтыш" коомунда сабак берди. Ал кезде азыркы акындар: Аалы, Азамат, Жеңишбек Жумакадыр жаш балдар болчу.
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхРайкүл Деркембаева: Алымкул Үсөнбаев айылга барып калып, Эстекемди ырдатып көрүп жактырат
Акын-импровизатор Эстебес Турсуналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Райкүл Деркембаева: Алымкул Үсөнбаев айылга барып калып, Эстекемди ырдатып көрүп жактырат
— Белгилүү адамдардын жубайларынан маек алганда бири жолдошунун чарбакерлигин айтса, экинчиси бүт түйшүк өз мойнунда болуп, жолдошу өзүн чыгармачылыкка арнаган адам болгондугун эскеришет. Атабыз үйдө кандай кожоюн болду?
— Бул өзү жалгыз бала болгон. Апасы көп эле бала төрөгөнү менен чарчап отуруп, Эстекем эжеси экөө эле калыптыр. Өзү чарбага жок болчу. Себеби кичинесинде эле Бишкекке филармонияга келип калды. Ата-энеси деле уулун "келечекте кыргызга кызмат кылган өнөр адамы болсо" деп дегдешкен экен. Үйдө жарык өчүп калса деле "Рая, свет өчүп калды" деп мага кыйкырчу (күлүп). Бирок баланы аябай жакшы карачу.
Государственный деятель Мусин Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Мусин Орозбаевдин жубайы: балдарымды "уурунун баласы" атыктырбайм деген
Баш кошкондон кийин эки жыл филармонияда иштесем, 20 жыл үйдө отурдум. Алты уул, эки кыздуу болуп, аларды чоңойттум. Булар концерт коюп, командировкага көп барышат. Ошондой убактарда бардык иштерди өзүм эле бүтүрчүмүн. Илгери ырчылар беш-алты айлап бир райондон бир районго командировкага кетчү экен. Үй-бүлөсү ошол районго кат жазып, анан сүйлөшүп турушчу. Өзүбүз көп кабаттуу үйдө турсак, үй иши менден артчу эмес. Ортодо Улуттук университеттин филология факультетин аяктагам. Аябай жакшы окудум. Университетке ишке чакырганда абышкам болбой коюп, кайра филармонияда иштеп калдым.
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхРайкүл Деркембаева: Эстекем устатын тарткан. Эс тутуму укмуш болчу, эч бир жаңылчу эмес.
Акын-импровизатор Эстебес Турсуналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Райкүл Деркембаева: Эстекем устатын тарткан. Эс тутуму укмуш болчу, эч бир жаңылчу эмес.
— Таарыныч болчу беле?
— Эми үй-бүлө болгондон кийин сөзсүз таарыныч болот. Эстекем эртең менен дайыма чуркачу. Урушуп калган убакта таарынычымды, оюмду жазып столуна коюп коём. Анан ал келип баягыны окуп, чайга отурганда эле эки-үч сап ыр менен жооп берип, көңүлүмдү алып койчу. Анан күлүп эле ошентип жарашып кетчүбүз. Антип жазып койгонумдун себеби, аял-күйөө урушканда "а" десең "б" деп отуруп ырбайт да. Сый кетет. Ошол себептен тыпыйтып катка жазып, иш столуна коюп койчумун.
Бир жолу Крымда курортто эс алып жүрөбүз. Өзү бильярдды абдан жакшы көрчү. Эртең мененки тамакка чогуу барабыз. Андан кийин бильярдга кирип кетет да, кечке чыкпайт. Кечки тамакты да жалгыз ичем. Айлам кеткенде акырын барып көрүнөбү деп карасам, баары эле жаман көзү менен карайт. Көрсө, кавказдыктар эркектердин артынан аял кишинин издеп келгенин аябай жаман көрүшөт экен. Анан кечке сууга таш ыргытам, кумга отурам, сейилдеп басам, жалгыз тамак ичем. Ушинтип эле жалгыз эс алып жүрдүм. Бир күнү "ээ, Эстеке, эс алууга келип же күйөөсү бар эмес, же жок эмес аял болуп жалгыз эле жүрөм. Эс алуу бүткүчө убактылуу ажыраша турбайлыбы" деп койсом, "ээ, Кудай урган" деп күлүп, анан бильярдга барбай калган.
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхРайкүл Деркембаева: Эстекемдин төкмөлүккө шык, жөндөмү канында эле
Акын-импровизатор Эстебес Турсуналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Райкүл Деркембаева: Эстекемдин төкмөлүккө шык, жөндөмү канында эле
— Залкар менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
— Министрликтин багыттамасы менен филармонияга келип калдым. Ошол учурда алар Алматыга чыгармачылык гастролго кетип жатышыптыр. Мени да кошуп алып кетишти. Ал убакта филармонияда кыздар аз эле. Мен жана кадимки Бүбүсара Бейшеналиеванын эжеси, сатира жанрында ойногон Сакен Бейшеналиева бар эле. Калгандары бүт аксакал залкарлар. Эң кичинекейи эле мен. Анда үстү ачык, тележкасынын эки жагында отургучу бар, ортосунда артисттердин кийими коюлуучу чоң машина менен жүрчүбүз. Командировкага чыккандан баштап эле Шекербек Шеркулов мени жеке көзөмөлүнө алды. Аябай кам көрүп, тамак алып берет, киного алып барат. Кечинде мейманкана жок бардык артисттер бир бөлмөдө жатат да. Анан наркы түпкө мага төшөк салдырып, бери жагына Шекем өзү жатып алат. Көрсө, Эстекем "мобу кыз мага жагып калды, сиз көз салып жанынан чыкпаңыз" деп ал кишиге табыштаган экен. Ошентип нике кайып болуп абышкам экөөбүз үйлөнүп калганбыз.
— Негизи эле атактуу адамдын аялы болуунун да түйшүгү бар эмеспи. Эл ырчысы Эстекебиздин жубайы болуу кыйын эле болдубу?
— Кыйындыгы бар. Мен өмүр бою Эстекеме гана кам көрдүм. Ал кишиге аялы болбой, кээде энесиндей карадым окшойт. Бул киши кээде өзүн баладай эле сезчү. Кээ бир аялдар мен да ырдайм, иштешим керек же карьера жасайм дейт да. Жок, мен өзүмдү экинчи планга чыгарып койгом. Үйдө Эстекемдин кеби — кеп, сөзү —  сөз болчу. Өзгөчө, чыгармачыл адамдын алган жары жакшы болсо иши жүрөт. Анан жумуштан келгенде "тиги бала минтип жатат, үйдө бул жок, андай эле, мындай эле" дей берсе ал көр тириликке аралашып, майда-чүйдөгө алаксып аксайт. Мен өзүм Райкүл Деркембаева деген ат менен ырдап чыктым эле, бирок ал айтылбайт. Азыр "Эстебестин байбичеси" деп коюшат. Мурунку биздин замандаштар билбесе, азыркылар менин ырдаганымды деле билишпейт. Ал убакта телеге да оңой менен чыгарчу эмес. Атайын комиссиянын сынынан өтсөң гана алып чыкчу.
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхРайкүл Деркембаева: мен өмүр бою Эстекеме гана кам көрдүм. Ал кишиге аялы болбой, кээде энесиндей карадым окшойт.
Акын-импровизатор Эстебес Турсуналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Райкүл Деркембаева: мен өмүр бою Эстекеме гана кам көрдүм. Ал кишиге аялы болбой, кээде энесиндей карадым окшойт.
— Өкүнүчүңүз барбы?
Невестка известных актеров Рыскулова и Кумушалиевой Клара Ниязалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Сабира Күмүшалиеванын келини: кайненем экөөбүз дароо ынак болуп кете албадык
— Өзүм негизи драмалык актриса болууну самачу элем, ошого жете албай калдым. Бир эле арманым, 1969-жылы мен Өзбекстанга командировкага барып, андан кийин артисттер Латвияга барышмак. Эстекем, "жер көрсөтөм" деп мени кошо алып кетти. Баргандан кийин эле "ырдайсың" деп калышты. Анан Бейшеке Жандаров комуз чертип берип, Латвияда өткөн беш концертке тең катышып калдым. Андан кийин Крымга барышмак. Асанкалый Жумакматов "Эстеке, сиз калыңыз. Аранжировка жаздырып, Раяны оркестр менен ырдатам" десе Эстекем болбой койду. Ошол убакта телевидение жаңы чыгып жаткан. Ошондо оркестр менен ырдап тартылып калсам, жаш кезим, үнүм теледе сакталып калмак экен. Эстекемдин көзү тирүү болсо бул деле сезилбейт беле, ким билет. Бирок эки ыр ырдагандар эмгек сиңирген артист болгондо, эмгегиң тепселгендей болот экен...
— Балдарыңыз өнөргө жакынбы?
— Ооба, Насипбек деген уулум композитор, өзү азыр алтымыштан ашты. Анын уулу Медер Турсуналиев музыкант, заманбап ырлардын көбүнүн аранжировкасын ошол бала жасаган. Азыр келинчеги менен турмуш шартка байланыштуу Словакияда. Эң улуу балам телевидениеде иштечү. Ал эми уулум Эркинбектин баласы Тола Турсуналиев эстрада ырчысы болуп жүрөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековРайкүл Деркембаева: Эстекемдин туулган күнүнө жылда бир ыр арнап жүрдүк
Супруга акына Эстебеса Турсуналиева Райкул Деркембаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Райкүл Деркембаева: Эстекемдин туулган күнүнө жылда бир ыр арнап жүрдүк
— Эми турмушта баланын орду башка, өмүрлүк жардыкы бөлөк эмеспи. Атабыз өткөндө дүйнөңүз бөксөрө түшсө керек...
— Эстекем каза болгондон кийин 40 күн үйдө отурдум. Анан Таласта маркумдун элүү күндүгүн өткөрмөй бар. Болот Шер кайним чалып: "Ой, жеңе, жылкыны айылга жеткирип койдум. Балдарыңыз менен айылга барып, элүү күндүгүн өткөрүп келиңиз", — дегенде барып өткөрүп келдик. Анан директорубуз Керим Тураповдун чакыруусу менен кайра жумушка келдим. Ошондо коңултуктап жаман болдум. Баары эле баягы, бирок Эстекем жанымда жок. Жанымда жүргөндөй эле сезилгени менен көзү көрүнбөйт. Аябай эле кыйын болот экен. Өзгөчө, жаман айтышпай жакшы жашаган жубайларга оор болот өңдүү. Али күнгө чейин эле Эстекемди эстесем ыйлагым келип кетет. Анан "70тен ашкан абышкасына эмне эле азарланат" деп айтабы деп элден уяласың. Бала-бакырамдын өмүрүн берсин, "неберелерим турганда эмне эле азарланам" деп кудайдан да коркуп кетем.
Кийин өзүмчө бир ыр китепти барактап отуруп, Рыспай Абдыкадыров обон жазган Эрнис Турсуновдун "Делбирим" деген ыры абдан жагып калды. Анын текстин Эстекеме ылайыктап иштеп чыгып, Дүйшөнбек Үкүев обон чыгарып, "Үмүтүм үзбөйм" деген тема койдук. Анан Эрнис Турсуновду филармонияга чакырдым. Ырдап берсек, Эрнис аба аябай ыйлады. Ошентип Эстекемдин туулган күнүнө жылда бир ыр арнап жүрдүк.
Жаңылыктар түрмөгү
0