Диетолог ачкарын кайсы тамактардан баш тартуу керектигин айтты

CC BY 2.0 / Toukou Sousui / sandwich with lemon teaСендвич. Архив
Сендвич. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Адис эртең менен ачкарын тынбай кофе ичүү зыян экенин айтып, таттууларды да этияттап жеши керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Дарыгер-диетолог жана медицина илимдеринин кандидаты Юлия Чехонина эртең менен ачкарын кайсы азыктарды жеген кооптуу экенин айтып берген. Адистин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.
Дарыгер белгилегендей, ачкарын туздалган, майлуу азыктар өттү сезгентет. Эгер адам аябай жегиси келсе, ага майдын концентрациясын азайткан жашылча-жемиштерди кошуп колдонуусу керек.
Кызыл шараптын даамын татып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Кант диабетинин кооптуулугун кайсы азыктар азайтарын адис айтып берди
Ачкарын алмуруттун түрүн жегенге да болбойт. Себеби анын курамында органикалык кычкылдардан тышкары өт менен ичегиге таасир этип, ичти алдырчу өлүк клеткалар бар.
Андан сырткары, эртең менен таттуу жеген да зыян. Мындай учурда организмде май пайда болуп, курсак чыгышы ыктымал.
Диетолог турары менен ачкарын кофе ичүүдөн баш тартууга да чакырган. Бул суусундук ашказандын былжырына терс таасир этип, гастритти пайда кылышы мүмкүн экени маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0