Аутизм трагедия эмес! Ооруган балдарды коомго кошуу тууралуу маек

© AFP / PHILIPPE HUGUENТерезени карап турган бала. Архив
Терезени карап турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Аутизм оору катары да, жан дүйнөнүн жабыркашы катары да каралат. Бул дарттын так себеби белгисиз. Аутист бала коомго аралашып, керек болсо үй-бүлө да кура алат. Буга ишеним менен ата-эненин тынбаган аракети керек.
Аутизм канчалык эрте аныкталып, ооруга кийлигишүү тезирээк колго алынса, баланын коомго аралашуусу ошончолук тез болот.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аутизм боюнча даярдаган материалында оорунун табияты тууралуу адистин маеги менен кошо коомдогу көйгөйдү да чагылдырууга аракет жасаган.
Республикалык психикалык ден соолук борборунун психиатры Уулкан Итикулова аутизм медициналык көз караш менен алганда психикалык, ички жан дүйнөнүн бузулуусу болуп эсептелерин айтты.
© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык психикалык ден соолук борборунун психиатры Уулкан Итикулова
Психиатр Республиканского центра психического здоровья Уулкан Итикулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Республикалык психикалык ден соолук борборунун психиатры Уулкан Итикулова
— Аутизм — жогорку нервдин өнүгүшүнүн бузулушу. Аны азыркы кылымдын кара тумоосу десек да болчудай. Акыркы он жылдын ичинде бул дарт менен жабыркаган балдардын саны жашоо шартка байланыштуу бир топ өстү. Аутизмди оору десе да, жан-дүйнөнүн жабыркашы катары караса да болот. Бул психикалык бузулуу катары сыпатталат.
— Сөзүңүзгө караганда акыркы убакта аутизм өсүп жатыптыр. Муну азайтууга мүмкүнбү?
— Аутизмдин себептери абдан эле көп. Совет мезгилинде кош бойлуу аял күнүнө үч сааттай иштесе, азыр 12 сааттап жумушта жүрөт. Мындайча айтканда, энелердин жашоо образы начар. Мунун баары организмдин алсыздануусуна алып келет. Баланын аутизм менен жабыркап төрөлүшүнө экология, боюнда бар аялдардын тамактануусу, иштеген жумушу, эмоционалдык абалы, өзүнө кам көрүүсү да таасир этет. Андыктан кош бойлуу болууга бир жыл мурун даярданып, атайын пландоону сунуштайт элем. Эне сөзсүз наристесин эмизип, бала менен көп убакытты бирге өткөрүшү керек. Ымыркай кезинен баштап эле сүйлөшүү кажет. Баланын жаш өзгөчөлүгүнө жараша ага акыл-эсин өстүрүүчү оюнчуктарды алып берип, жомок китептерди окуп берүү зарыл. Жалаң эле апа эмес, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары баланын өсүп-өнүгүшүнө катышуусу керек.
— Аутизм менен өсүүсү артта калган балдардын айырмасы кандай болот?
Отец ребенка с аутизмом Мирлан Ишенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2019
Аутист баланын атасы: чүрпөсүнүн дартын угуп таштап кеткен эркектерге айтарым бар
— Аутизмдин үч белгиси бар. Биринчиси — социалдык, мында бала атын атап чакырса да карабайт, жооп кайтарбайт. Ата-энесинин, башка адамдардын кыймыл-аракетине жооп иретинде күлбөйт. Ошондой эле өзү теңдүү балдар менен ойнобойт. Ал тургай жаш өзгөчөлүгүнө жараша да ар кандай оюндарга кызыкпагандыгы байкалат. Бул социалдык карым-катнаштын бузулушунан келип чыгат.
Экинчиси — коммуникациянын жабыркоосунан улам бала сүйлөшүп жаткан адамдын, керек болсо ата-энесинин да көзүн карабайт. Башкача айтканда, визуалдык байланыш жабыркаган. Ошол себептен балдар сүйлөбөй же айткан сөзгө түшүнбөй калышат. Алар алгач берилген кыска буйруктарды да аткара албай, өзү түшүнбөгөн же кыска сүйлөмдөрдү гана кайталап айта беришет. Өнүгүүсү артта калган балдар бир нерсени алгысы келсе колу менен көргөзө алат. Аутист балдар көксөгөн нерсесин ата-энесинин колу менен көргөзүүгө аракеттенет.
Үчүнчүсү — жүрүм-турумдун бузулушу, башкача айтканда, стереотиптик кыймылдын кайталануусу. Мисалы, бала тегеренип эле чуркай бериши же оюнчуктарды максатсыз пайдаланышы мүмкүн. Оюнчук машинаны айдап ойнобостон, дөңгөлөгүн көпкө чейин (айрым балдар 30 мүнөткө чейин) айланта берет. Кээде ойногонго туура келбеген нерселер менен ойнойт. Айрым балдар кир жууган автомат машинанын барабанын же желдеткичти сааттап карап отура бериши ыктымал. Ата-энеси жетелеп кетсе, кайра эле келип карап отура беришет. Ушунун баары жүрүм-турумдун бузулушуна кирет.
Ушул үч категориядагы белгилер байкалса ата-эне баланы психиатрларга же Республикалык психикалык ден соолук борборунун балдар психиатрына кайрылышы керек. Баары эле аутизмге чалдыга беришпейт. Анткени өсүүсү артта калган же гиперактивдүү балдардын да белгилери аутизмге окшош болот.
— Медицинада аутизмдин так себеби аныктала электигин айтышат. Ата-энелер дарыгерге эрте кайрылса, толук сакайып кетүүгө мүмкүнбү?
— Айтууга оңой болгону менен аутизмдин белгилери, синдромдору абдан көп. Бирок дартты эрте аныктоо жана дартка кийлигишүүнү эрте баштоо өтө маанилүү. Балдар аутизминде медициналык дарылоо жок. Болгону кайсы бир синдромдорду алып салабыз. Негизги максат — баланы коомго аралаштыруу. Бул үчүн атайын адистер бала менен алектенип, аны өнүктүрүү иши колго алынышы керек. Ал адистер баланы эле эмес, ата-энени дагы бала менен иштешүүгө үйрөтүшөт. Ата-энеси үйрөнгөндөн кийин алар башка үй-бүлө мүчөлөрүнө багыт берет. Бала үчүн да, ата-эне үчүн да атайын өнүктүрүү программасы бар.
— Мындай балдарды кадимки мектепте окутса болобу?
Юрист жана Аутизмди жеңебиз! фондусунун түптөөчүсү Анара Даниярова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2019
"Өзгөчө" баланын энеси: жакшынакай чоңоюп келе жаткан уулум кокустан өзгөрдү…
— Бул аутизмдин синдромуна жараша болот. Аспергер синдромуна кабылган баланын акыл-эси кадимки балдардай эле болот, болгону социалдык карым-катнаштын бузулуу белгиси байкалат. Алардын интеллектуалдык жөндөмү кадимки балдардыкындай болгондуктан окуй беришет. Бишкек шаарында аутизм менен жабыркаган көп эле балдар мектепте окушат. Шаардагы №34 орто мектепте атайын класстар ачылган. Бул эмгек жамаат мындай балдар менен иштөөгө да үйрөнгөн. Кадимки мектепте эл көп, чөйрө бир аз башка болгону менен аутист балдар окуп жатышат.
— Коомчулук менен карым-катнаш жасоодо маселе жаралат деп жатпайсызбы, мында азыркы технологиянын өнүгүшү жардам бербейби? Ошол эле соцтармактан досторду табууда...
— Тескерисинче, балдарга телефон бербегиле. Эң жакшысы — баарлашуу. Бул баланын өсүп–өнүгүшүнө жардам берет. Активдүү баарлашуу — бул эки адамдын сүйлөшүүсү. Ата-энелер "телефонго баланын акыл-эсин өстүрүүчү видео коюп берип койдук, ошону карап жатат" дешет. Муну бир жактуу байланыш деп коёт. Мындан улам азыр көп балдар жасалма аутизация болуп жатат. Пандемияда мектеп жашындагы балдардын ата-энелери да көп кайрылышты. Себеби жакшынакай эле балдар өзгөрүп, коом, чөйрөдөн алыстап калган.
— Аутизм менен жабыркаган балдар атайын диета менен тамактануусу керекпи?
— Негизи эле баланын тамагы табигый азыктардан жасалышы керек. Мисалы, азыр ата-энелер балдарына чипсы, кириешки, газдалган суусундуктарды сатып беришет. Бардык эле балдарга мындай тамак-аш алып берүүгө болбойт. Андан көрө шорпо, жашылча кошулган суюк тамактарды жана табигый таза суусундуктарды берсе жакшы болмок. Компот кайнатып берсе да пайда. Негизи эле баланын тамагында мөмө-жемиштер жана жер-жемиштер болушу шарт.

Баары ата-энеден көз каранды болот

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы уулу аутизмге кабылган соң "Аутизмди жеңебиз!" фондусун түптөп, аутист балдар менен иштешип келе жаткан Анара Данияровага кайрылып, мындай "өзгөчө" балдардын ата-энелерине берүүчү кеңешин жана кароо шарттары тууралуу сурадык.
© Sputnik / Досхан Нусупбеков"Аутизмди жеңебиз!" фондусунун негиздөөчүсү Анара Даниярова
Юрист и основатель фонда Аутизм победим Анара Даниярова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Аутизмди жеңебиз!" фондусунун негиздөөчүсү Анара Даниярова
Даниярованын айтымында, анын 11 жаштагы уулунун абалы бүгүн алда канча жакшы болуп калган.
"Балам жогорку деңгээлдеги аутист. Азыр биз менен кадимкидей сүйлөшөт. Эң негизгиси — коомчулук менен аралашып калды. Бирок балабызды үйдө эле окутуп жатабыз. Кудай буюрса, келечекте үй-бүлө куруп кетүү деңгээлине жеткирүүгө аракеттенебиз", — деди ал.
Даниярова белгилегендей, аутист балдарды коомго аралаштырып, дарылоодо бардык нерсе ата-энеден көз каранды. Анын айтымында, ар бир адам жеке инсан жана өзүнчө организм болгондуктан, балдарга да өзүнчө методика каралат.
Дарыгер-невролог Кундуз Карбозова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Невролог Карбозова: Паркинсон оорусуна эркектер көп чалдыгат
"Ата-энелерге айтарым, өзгөрүүнү биринчи өзүңөрдөн баштагыла. Балаңарга жана бири-бириңерге болгон мамилени карап чыгышыңар зарыл. Аялы менен күйөөсү баласынын көзүнчө кыйкырышып урушканы туура эмес. Эне дайыма позитивде жүрүшү керек, анткени бала апасынын күзгүсү. Эненин абалы, маанайы баары тең балада чагылышат. Биздин фондго келген энелер менен балдардын жүрүм-турумун карап отуруп, буга дагы бир ирет күбө болосуң. Агрессивдүү апанын баласы да агрессивдүү. Балдары аутист энелерге айтаарым, өзүңөрдү аяп отура бербегиле. Аракет кылышыңар керек. Интернеттен мындай өзгөчө балдарга камкордук жасап, коомго аралаштыруу боюнча толтура материалдарды табууга болот. Эң башкысы — кыймыл-аракет. Мисалы, тоолуу аймакта же айыл жергесинде жашасаңар баланы чуркатып, жаратылышка чыгарып, көнүгүүлөрдү жасаткыла. Бала көнүгүү жасап тердесе, зат алмашуу жакшы жүрөт. Бул аутист балдар үчүн абдан маанилүү. Аутист баланын мээси да жасап жаткан кыймыл-аракетине реакция берип, иштөөсүнө жетишүү керек", — деди Даниярова.
Ал баланы топ менен ойнотуп, жаратылышка алып чыгуу, сейилдетүү жана жаныбарлар менен достоштуруу абдан пайдалуу экенин кошумчалады.

Балдардын оорусун укканда таштап кеткен аталар көп

Акыркы убакта аутизмге чалдыккан балдардын саны улам өскөн сайын коомдо да социалдык көйгөйлөр арбыганы байкалат. Балдары аутист жана өсүүсү артта калган аталардын арасында бардык көйгөйдү аялына таштап, түйшүккө чыдабай басып кеткендери көп катталууда.
Ушундай тагдырга кабылган эне, 36 жаштагы Мээримдин жолдошу да балдардын оорусун билгенде таштап кеткен. Анын эки баласы тең аутизм менен жабыркайт.
© Фото / Мээрим ИманбаеваМээримдин 10 жаштагы баласын убагында бир аз дарылантып калгандыктан инисине караганда анын абалы бир аз болсо да жакшы
Мать двоих детей с аутизмом Мээрим Иманбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мээримдин 10 жаштагы баласын убагында бир аз дарылантып калгандыктан инисине караганда анын абалы бир аз болсо да жакшы
Келиндин айтымында, азыр ал аутист балдары менен жалгыз батирде турат. Эки баланы дайыма кароо керек болгондуктан эч жерде иштей албайт.
"Улуу балам 10 жашта, кичүүсү алтыда. Учурда абдан кыйналып турам. Экинчи балабыз да аутизм менен жабыркарын билгенде жолдошум таштап кетти. Балдардын оорусуна да мени күнөөлөдү. Бирок иликтеп көрсөм, биздин тукумда мындай оору менен эч ким жабыркаган эмес. Дегеле мурда аутизмди укпаптырмын. Бирок экинчим боюмда барда биринчи уулумдун оорусун угуп аябай стресс болгом. Ооруканадан чыккан эмеспиз", — деди ал.
Мээримдин 10 жаштагы баласын убагында бир аз дарылантып калгандыктан инисине караганда анын абалы бир аз болсо да жакшы.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын проректору, профессор, нейрохирург Кеңешбек Ырысов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2021
Нейрохирург Ырысов: башы ооруп, кускусу келген адам сөзсүз текшерилиши керек
"Экинчиси дааратканага да барганды билбейт. Неврологго көрсөтсөм моюн омурткасы деформацияланып, бири-бирине кийишип калгандыгын айтты. Алгач баланын сөөгү катып кала электе моюн омурткасын дарылатып, анан акырындан коомго аралаштырууга камылга көрүп баштайм. Бирок баары эле акчага такалат. Каражат жагынан абдан кыйналып турам, жардам берчүлөр болсо кубанат элем. Балдарды ойлой берип, катуу депрессияга түшүп кеттим. Кээде таң атканча уктабай, ойлонуп отуруп таң атырган түндөр болот. Балам башын тамга койгулаганын көрүп, жанымды коёрго жер таппай калам. Айлам жок. Ооруган балдардан качып кеткен аталарга айтарым, балдардын алдында жоопкерчиликти сезе билсеңиздер. Экөөлөп аракет кылсаңыздар баланы коомго кошуп алууга болот, бирок жалгыз энеге абдан оор болуп калат экен", — деди Мээрим.

Эне алгач өзү жардам алышы керек

Бишкектеги Биринчи балдар хосписинин психологу Айгүл Ысыкеева энелер алгач психологиялык жактан өзү жардам алышы керектигин айтты.
© Фото / из личного архива Айгуль ЫсыкеевойБишкектеги Биринчи балдар хосписинин психологу Айгүл Ысыкеева
Психолог Айгуль Ысыкеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкектеги Биринчи балдар хосписинин психологу Айгүл Ысыкеева
“Мындай жашоо сөзсүз түрдө апаларды депрессияга кептейт. Стресске кабылган адамдын алы кетип, эч нерсеге кызыкпай, жактырбай, көңүлү чөгүп, баласын эмес өзүн да карай албай калат. Ой-жүгүртүүсү начарлап, учурдан чыгуу жолдорун да таба албай кыйналат. Апа алгач өзү психологдон кеңеш алып, анан балдарына жардам бериши керек. Балдардын ден соолугун эле карай бербестен, аларды коомго аралаштыруу жагы да маанилүү», — деди психолог.
Ысыкееванын айтымында, оорукчан балдардын аталары мындай кадамга кыйынчылыктардан коркуп барарын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0