Кыргызстанда автоунааларды кайра каттоо арзандады. Акциянын мөөнөтү чектелүү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги автоунаа трафиги. Архив
Бишкектеги автоунаа трафиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Автоунааларды кайра каттатуу акциясы белгилүү бир убакытка чейин гана жүргүзүлөт. Ведомство учурдан пайдаланып айдоочуларды транспортторун өз атына каттатууга чакырды.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Автоунааларды кайра каттоо улуттук компаниясы 1-июнда башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, автоунаанын рыноктогу орточо баасына жараша алынган 0,3 пайыздык жыйымды жокко чыгарган токтомго кол коюлду.
0,3 пайыздык жыйым унаа сатылып жана сатылып алынганда алынат. Ал эми Кыргызстандын аймагына чет өлкөдөн киргизилген транспортту каттоо үчүн беш пайыздык жыйым төлөнөт.
"Автоунааларды кайра каттатуу арзан болот. Бул акция убактылуу гана, тагыраагы, 1-июндан 31-декабрга чейин уланат. Мындан улам өкмөт айдоочуларды мүмкүнчүлүктөн пайдаланып машиналарын жеңилдетилген тартипте кайра каттатып алууга чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Автотранспорт каражатын ишеним кат боюнча сатып алууда жана сатууда ээси төмөнкүдөй терс кесепеттерге туш болот:
  • менчик ээси транспорттун салыгына жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдарды төлөөгө жооптуу;
  • автотранспорт катышкан кылмыш же жол кырсыгы катталса, унаа ээси жооптуу;
  • ишеним кат менен автоунаа алуучу аны өзүнүн атына кайра каттата албайт;
  • мыйзамдуу ээси каза болгон учурда ишеним кат күчүн жоготуп, мурастоо учурунда көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн.
Мындан тышкары, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду төлөө боюнча жоопкерчиликти унутпашыбыз керек. Ошондой эле сатып алууда чыр чыкса, сатуучу тарабынан унаага берилген ишеним кат жокко чыгарылышы мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0