Даават, жума жана айт намаздарын токтотуу сунушталды. Муфтият эмне дейт

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт намаздын катышуучулары. Архив
Айт намаздын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Муфтият орозо башталганда эле мечиттерде ооз ачар өткөрүүнү жана намаз окууну чектегенин белгилеп өттү.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Санэпидкөзөмөл борбору Бишкекте даават, ооз ачуу, жума жана айт намазды кырдаал турукташканга чейин токтото турууну сунуштап, муфтиятка кат жолдоду. Бул тууралуу борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев кабарлады.
Ал эми муфтияттын маалымат кызматы бул сунушту карап, бүгүн кечке чейин бир чечим кабыл алынарын билдирди.
Ошондой эле муфтият орозо башталганда эле мечиттерде ооз ачар өткөрүүнү жана массалык түрдө намаз окууну чектегени кошумчаланат. Бардык аракеттер эпидемиологиялык кырдаалга жараша жасалары белгиленет.
Жаңылыктар түрмөгү
0