Эртең Бишкектин чок ортосунда суу болбойт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКрандан суу агып жатат. Архив
Крандан суу агып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Бул күнү "Бишкек суу канал" ишканасынын кызматкерлери суу тосмолордо жана шаардын суу түтүктөр тармагында оңдоо иштерин жүргүзөт.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. 26-апрелде эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 20:00гө чейин Бишкектин борбордук районунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, шаардын Абдрахманов, Фрунзе, Күрөңкеев көчөлөрүнүн жана Жаш гвардия проспектиси аймагында ичүүчү суу болбойт.
Мындай чаралар "Белинский" суу тосмосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө жүргүзүлгөн оңдоо иштерине байланыштуу болууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0