COVID жуктургандарды дарылаган Бишкектеги ооруканалар. Канча бош орун бар?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОоруканадагы бош орундар. Архив
Ооруканадагы бош орундар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Министрликтин берген маалыматы боюнча, ооруканаларда бош орундардын саны күн санап азаюуда. Айрымдарында бош орун калбай калган.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 менен алышып жаткандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
23-апрель саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 8 ооруканада 122 бош орун бар. Белгилей кетсек, ооруканадагы бош орундардын саны күн санап азаюуда.
  • Улуттук хирургия борбору — 2;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 5;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 14;
  • Улуттук госпиталь — 26;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 42;
  • №6 шаардык клиникалык оорукана — орун жок;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 14;
  • Чүй облустук оорукана — 19.
Кыргызстанда вирус бир сутка ичинде 272 кишиден табылып, жети бейтап көз жумду.
Жаңылыктар түрмөгү
0