ЖРТга аз калды. Тестирлөөгө даярданган бүтүрүүчү кандай ката кетирет?

© Sputnik / Табылды КадырбековЖРТ учурунда окуучу. Архив
ЖРТ учурунда окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Бир айга жетпеген мезгилден кийин абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшөт. Ага даярданууда кандай каталар төмөн балл алууга түртөрүн тестирлөө жүргүзгөн уюмдагылар айтып берди.
Ушул убакта республика боюнча миңдеген бүтүрүүчү маанилүү тестирлөөгө катуу камылга көрүүдө. Ансыз окуу жайлардын көбүнө тапшыруу мүмкүн эмес.
Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөргөн уюмдагылар келечекке алгачкы кадам шилтеткен бул сынакка камынууда абитуриенттер кандай катачылыктарды кетирерин айтып беришти.

Бүлүнбөңүз!

Тестирлөөнүн тагдыр чечер маанисинен улам бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү азыр чүнчүп турган убак. Адистер санаага алдырбоого кеңеш беришет, ЖРТ мектеп программасынын алкагындагы тапшырмалардан турат. Эгер сабактарга калтырбай катышып келсеңиз, сизге тест татаал деле болбойт. Ошону менен бирге эле ЖРТга канчалык эрте кунт коюп даярдана баштасаңыз, жыйынтык да ошончолук сезилерлик болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековТестирлөөнүн тагдыр чечер маанисинен улам бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү азыр чүнчүп турган убак
Общереспубликанское тестирование в условиях пандемии COVID-19 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Тестирлөөнүн тагдыр чечер маанисинен улам бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү азыр чүнчүп турган убак

Жадыбалдай жатташтын кажети жок

Тестирлөөдө бүтүрүүчүлөр ой жүгүртүп жана мектепте алган билимди пайдалана билүүнү көрсөтүшү керек. Ошондуктан материалдарды жаттоонун зарылдыгы жок. Мисалы, “Тилдин практикалык грамматикасы” бөлүмүндө тигил же бул эрежени жатка айтканыңыз эмес, үйрөнгөн тилди иш жүзүндө пайдалана билгениңиз текшерилет. Маселен, сөздөрдү тилдин нормаларына шайкеш колдонуу, сүйлөмдү ылайыктуу сөздөр менен толуктай билүү жана башкалар. Тарых боюнча предметтик тестте тарыхый окуялардын себептери, кесепети жана маанисин түшүнүү маанилүү.
© Sputnik / Табылды КадырбековТестирлөөдө бүтүрүүчүлөр ой жүгүртүп жана мектепте алган билимди пайдалана билүүнү көрсөтүшү керек. Ошондуктан материалдарды жаттоонун зарылдыгы жок
Общереспубликанское тестирование в условиях пандемии COVID-19 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Тестирлөөдө бүтүрүүчүлөр ой жүгүртүп жана мектепте алган билимди пайдалана билүүнү көрсөтүшү керек. Ошондуктан материалдарды жаттоонун зарылдыгы жок

Ынан, бирок текшер

Тестирлөө күнү жакындаган сайын абитуриенттердин көбү ЖРТга тез даярдануу ыкмаларын издей баштайт. Ушул тапта тестке даярдоо үчүн ар кандай курстар, тренингдер жана видеосабактар арбын. Анткен менен алар ЖРТ талаптарына туура келер-келбесине кепилдик жок. Курстарда абитуриенттерди туура эмес багытта даярдап, жалпы республикалык тестирлөөгө эч кандай тиешеси жок тапшырмаларды беришкен учурлар болгон.
Студенттер окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Окуу жайлар жылына эки ирет абитуриент кабыл алат. Токтом өкмөттө каралууда
Ошол себептен Билим берүү жана окутуу методдорун баалоо борборундагылар тест тууралуу маалыматты уюмдун сайтынан http://testing.kg/ru/ шилтемеси аркылуу алып, видеосабактарды көрүп, ошондой эле акысыз тесттен өтүүнү сунуштайт. Тестке катталууда абитуриентке тесттин бардык бөлүмдөрү боюнча кыска маалымат топтолгон акысыз китепче берилет.
Билим берүү жана окутуу методдорун баалоо борборундагылар ЖРТга даярдыктын чоң бөлүгү — бул өз алдынча иш, маңдай терин төктүргөн жана ырааттуу эмгек. Ошону менен бирге эле майнаптуу жыйынтык үчүн бир айлык “атайын даярдык” курсуна жазылып, өтүп коюу жетишсиз.
© Sputnik / Табылды КадырбековУшул тапта тестке даярдоо үчүн ар кандай курстар, тренингдер жана видеосабактар арбын. Анткен менен алар ЖРТ талаптарына туура келер-келбесине кепилдик жок
Общереспубликанское тестирование в условиях пандемии COVID-19 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ушул тапта тестке даярдоо үчүн ар кандай курстар, тренингдер жана видеосабактар арбын. Анткен менен алар ЖРТ талаптарына туура келер-келбесине кепилдик жок

Тесттин эч бир бөлүмү көз жаздымда калбасын

Көптөгөн бүтүрүүчүлөр даярдык маалында тесттин кайсы бир бөлүгүнө басым жасайт. Мисалы, абитуриент өзүн математикада күчтүү деп санап, орус тили боюнча даярдана берет. Натыйжада өзү күчтүү эсептеген дал математикадан аксайт. Артыкчылыктарды туура белгилеп алуу маанилүү: татаал бөлүктөрүнө жакшы даярданып, бирок башкаларын да унутта калтырбоо абзел. Абитуриент негизги тестке катуу даярданып, бирок предметтик бөлүктөрүнө көңүл бөлбөй койгон учурлар да жок эмес. Айрым адистиктерге кабыл алууда жогорку окуу жайлар негизги жана предметтик тесттин жалпы баллын эсепке аларын унуткарбаңыз. Бирок канчалык көп предметтик тестти толтурсаңыз, окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору болот деген ойдон алыс болуңуз.
© Sputnik / Табылды КадырбековАртыкчылыктарды туура белгилеп алуу маанилүү: татаал бөлүктөрүнө жакшы даярданып, бирок башкаларын да унутта калтырбоо абзел
Общереспубликанское тестирование в условиях пандемии COVID-19 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Артыкчылыктарды туура белгилеп алуу маанилүү: татаал бөлүктөрүнө жакшы даярданып, бирок башкаларын да унутта калтырбоо абзел

Жооп баракчасын толтурууну так билбестик

Тесттин өзүнө даярдыктан сырткары жооп баракчасын толтуруу боюнча да машыгып койгон оң. Бул сизге ишенимдүүлүк жана тестте баалуу убакытты үнөмдөөгө көмөкчү болот. Кымгуут жагдайда абитуриент апкаарып, баракты толтурууда ката кетирип алышы ыктымал.
Баракты толтуруунун үлгүсү “Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданабыз” деген аталыштагы акысыз брошюрада камтылган.
Тестирлөөнүн администраторлору туура жоопту белгилөөнү көрсөтүп беришет, бирок муну эртерээк үйрөнүп алганыңыз дурус.
Жаңылыктар түрмөгү
0