Прокуратура: Таластагы жайыт, Нарындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБашкы прокуратуранын имараты. Архив
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Эки факты тең Жазык кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде каттоого алынып, сотко чейинки иштер жүрүүдө.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Талас менен Нарында менчикке берилип кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Таластын Чолпонбай айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мындан бир нече жыл мурун мамлекеттин менчиги болуп эсептелген жайыт жерлеринин 16 гектарын А.Э. аттуу жаранга мыйзамсыз менчикке берип салышкан.
Ош эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Башкы прокуратура: "Ош" аэропортун реконструкциялоодо мыйзам бузулган
Ошондой эле Нарын шаардык прокуратурасы мыйзамсыз түрдө жеке жактарга турак жай куруу үчүн 800 чарчы метр жер тилкесинин менчикке берилип кеткендигин аныктаган. Жер тилкенин баасы жарым миллионго бааланат.
Эки факты тең Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде каттоого алынып, сотко чейинки иштер жүрүүдө. Жер тилкелери мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0