Кытайда каза болгон кыргызстандык студенттин сөөгүн алып келишти

© Sputnik / Табылды КадырбековКаза болгон кыргызстандыктын сөөгүн жеткирүү. Архив
Каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн жеткирүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Кыргызстандык 22 жаштагы жигиттин сөөгү Бишкекке учак менен жеткирилип, андан соң туугандарына өткөрүп берилди.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кытайда жол кырсыгына кабылып каза болгон кыргызстандык студенттин сөөгү Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Кыргызстандын Ш.Б. аттуу жаранынын сөөгү Кытайдан Кыргызстанга жеткирилип, мекенине көмүү үчүн туугандарына өткөрүп берилди. Анын туугандарына Кыргызстандын Пекиндеги элчилиги тиешелүү консулдук-укуктук көмөк жана маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүдө башка зарыл жардамдарды көрсөттү. Бул процедура катуу карантиндик чектөөлөр шартында жана түз эл аралык аба каттамдар болбогон учурда ишке ашырылган", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, Кытайдагы окуу жайлардын биринде билим алып жүргөн 22 жаштагы Ш.Б. марттын соңунда кырсыктаган. ТИМ буга чейин Кытайдын укук коргоо органдары иш боюнча иликтөө жүргүзөрүн кошумчалаган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0