"Кудайга шүгүр" жашаган элдин санын кантип билебиз? Абоненттердин статистикасы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКишилер көчөдө бара жатат. Архив
Кишилер көчөдө бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Аз камсыз болгон жана бийик тоолуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн расмий санын билүүгө мүмкүн болду. Ага таянып эсептегенде "кудайга шүгүр" жашагандар электр энергиясын керектөөчү калктын 79,2 пайызын түзүүдө.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров электр кубаты үчүн тарифти өзгөртүп, үч категория боюнча төлөм киргизүүнү сунуштады. Мындан улам бул категорияга кирген калктын санын билүү кызыгуу жаратты.
Мамлекет башчы бул категорияларды "аз камсыз болгон үй-бүлөлөр", "бийик тоолуу аймактардын жашоочулары" жана "жашоо-шарты кудайга шүгүр үй-бүлөлөр" деп бөлгөн.
Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 366,9 миң абонент бар. Буга электр энергиясын коммерциялык багытта колдонгондор кошулбайт.
Акча жана лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жапаров айткан тариф боюнча жарык үчүн канча төлөйсүз? Калькулятор
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги учурда өлкөдө аз камсыз болгон үй-бүлө катары 109 436 түтүн каттоодо турганын билдирди. Мындай цифра балдарына жөлөк пул алган үй-бүлөлөргө карап чыгарылары айтылды. Бул категориядагы абоненттер үчүн төлөмдү 74 тыйынга чейин төмөндөтүп, чекти алып салуу сунушталды.
Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин маалыматына ылайык, бийик тоолуу аймактарда 187 498 үй-бүлө жашайт. Бул региондун жашоочуларына электр кубаты 1 сом 04 тыйындан сатылат.
Ал эми жашоо-шарты "кудайга шүгүр" же колунда бар үй-бүлөлөрдүн санын эч бир орган эсептеп көргөн эмес. Улуттук статистика комитети, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттиги мындай статистика жүргүзүлбөй турганын билдиришти.
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Ишканалар канча сомдон төлөйт? Электр кубаты үчүн сунушталган бардык тарифтер
Мындан улам биринчи, экинчи категорияга кирбеген абоненттерди колунда бар үй-бүлөгө кошсо болот. Мындай жол менен эсептей келгенде болжолдуу түрдө 1 миллион 70 миң абонент чыгууда. Бул электр энергиясын керектөөчү калктын 79,2 пайызын түзөт.
Белгилей кетсек, аталган категориядагыларга суунун тартыштыгына байланыштуу кышкы мезгилде электр энергиясын пайдалануу 1000 кВт сааттан ашса, 2 сом 29 тыйындан эсептелет.
Кыргызстанда учурда калк үчүн бирдиктүү 700 кВт/с лимит бекитилген. Анын алкагында электр кубатынын бир киловатт сааты 77 тыйын, ал эми андан ашып кетсе 2 сом 16 тыйын турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0