Мадамин Каратаев Фтизиатрия борборун жетектемей болду

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Онкология жана гематология улуттук борбору менен Фтизиатрия улуттук борборуна жетекчи болуп дайындалган Мадамин Каратаев. Архив
Онкология жана гематология улуттук борбору менен Фтизиатрия улуттук борборуна жетекчи болуп дайындалган Мадамин Каратаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Жаңы жетекчилер бүгүн, 22-апрелде, жамаатка тааныштырылды. Алар кызматка премьер-министрдин буйругу менен дайындалган.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Онкология жана гематология улуттук борбору менен Фтизиатрия улуттук борборунун жаңы жетекчилерин жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругуна ылайык, Онкология борборуна Бактыгүл Султангазиева келсе, Фтизиатрияга Мадамин Каратаев дайындалган.
Ошондой эле Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине Султан Абдыкадыров жетекчи болуп бекитилгени маалымдалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0