Россия Кыргызстанга курчу 9 мектеп. Үчөөнүн каржы маселеси чечилди

© Sputnik / Табылды КадырбековФлаг Кыргызстана и России
Флаг Кыргызстана и России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Биринчи комплекс Ош облусунда, экинчиси Чүйдө, ал эми үчүнчүсү Ысык-Көлдө курула турганы айтылды. Калган билим берүү жайлары этап-этабы менен салынмакчы.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда курула турган тогуз мектептин ичинен үчөөнүн каржы маселеси чечилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, мындай чечим Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин Россияга болгон иш сапарынан кийин кабыл алынган. Министр Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов менен жолуккан.
Эске салсак, Россия Кыргызстанга 9 мектеп жана бир мектептен тышкаркы билим берүү мекемесин салууну пландаган.
"Биринчи комплекс Ош облусунда, экинчиси Чүйдө, ал эми үчүнчүсү Ысык-Көлдө курулат. Калган билим берүү жайлары этап-этабы менен салынмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Эки тараптын буга чейинки жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлган протоколдун алкагында бир катар иштер жүрүп жатканы белгиленди. Анын ичинде Россиянын табият таануу жана физика-математика багытындагы предметтер боюнча санариптик ресурстарды пайдалануу, кыргызстандык окуучуларга жайкы лагерь уюштуруу иштери бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0