ЖК депутаты лотерея бизнесин жандандырууну сунуштап жатат. Мыйзам долбоору

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖК депутаты Гүлшат Асылбаева. Архив
ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Автордун айтымында, бул нерсе мамлекеттик лотереялык компаниянын ишмердүүлүгүн кайрадан жолго коюп, социалдык тармакка инвестиция тартууга жардам берет.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева мамлекеттик лотереяны кайрадан жандандырууну сунуштап жатат. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Автордун айтымында, бул нерсе мамлекеттик лотереялык компаниянын ишмердүүлүгүн кайрадан жолго коюп, социалдык тармакка инвестиция тартууга жардам берет.
"Дүйнө жүзүндө лотерея бизнеси мыйзамдуу жана кумар оюндарына альтернатива катары каралып келет. Элден социалдык муктаждыктар үчүн каражат тартууга жардам берет. Лотерея рыногун анализдөөнүн жыйынтыгы экономиканын бул секторунун өнүгүшүнө мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрсөттү”, — деди депутат.
Ошондой эле документте лотереяларды электрондук түрдө сатып, заманбап рынок түзүүгө болору айтылган.
Мындан тышкары, уюштуруучулар электрондук лотереяны ойнотордон мурда сөзсүз анын катышуучуларына алдын ала кабар берилиши керектиги жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0