Россия жакынкы аралыкта Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасын жеткирүүгө даяр

© Sputnik / Магда Гибелли / Медиабанкка өтүү"Спутник V" вакцинасы. Архив
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Новиков Кыргызстан "Спутник V" вакцинасын расмий каттаганын, буга байланыштуу өлкө препаратты республика аймагына ташууга даяр экенин белгиледи.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россия Кыргызстанга жакынкы аралыкта "Спутник V" вакцинасын жеткирүүгө даяр экенин тастыктады. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Москва шаарында Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, өкмөттөр аралык кыргыз-россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын тең төрагасы Алексей Оверчук менен жолукту. Алар Садыр Жапаровдун 24-25-февралдагы Россияга сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштердин жүрүшүн талкуулашты.
COVID-19га каршы дары өндүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Путин: россиялык окумуштуулар үч вакцина чыгарып чоң секирик жасады
Артём Новиков Кыргызстан коронавирус инфекциясына каршы "Спутник V" вакцинасын расмий каттаганын, буга байланыштуу өлкө препаратты республика аймагына ташууга даяр экенин билдирди.
Ал эми Россия тарап жакын арада Кыргызстандын эли үчүн аталган вакцинаны жеткирерин маалымдады.
Мындан тышкары, тараптар Россиянын аймагындагы кыргызстандык мигранттардын укуктук макамын талкуулаган. Оверчук 2021-жылдын 15-июнуна чейин административдик чара колдонбостон жана Россия Федерациясынын аймагынан тышкары чыгаруу зарылдыгысыз чет элдик жарандардын укуктук макамын тариздөөнү жүргүзүү мүмкүндүгү тууралуу маалымдады.
Жаңылыктар түрмөгү
0