Эртең Бишкектин айыл, конуштарында муздак суу өчөт. Тизме

© AFP / VOISHMELКрандан суу алып жаткан киши. Архив
Крандан суу алып жаткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Суу маселеси боюнча суроолор жаралса шаардыктар 1533 бирдиктүү номери аркылуу атайын маалымат борборуна кайрыла алышат.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Эртең, 22-апрелде, Бишкектин айрым жерлеринде эртең мененки саат 09:00дөн кечки 19:00гө чейин муздак суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Баш-Кара-Суу" суу кампасында жана шаардык суу түтүк тармактарында жай мезгилине даярдык көрүү үчүн оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Суу берилбей турган айылдар:
  • Сарбан;
  • Жал;
  • Төмөнкү Орок;
  • Жогорку Орок;
  • Кашка-Баш;
  • Достук.
  • Конуштар:
  • Орок;
  • ТЭЦ-2;
  • Ак-Өргө (50-квартал);
  • Ак-Ордо;
  • Жаңы Селекция.
  • Көчөлөр:
  • Акыл-Карачач;
  • Ахунбаев;
  • Гүл-Ордо;
  • Долон-Бий.
Жаңылыктар түрмөгү
0