Бажы кызматы: алдамчылык көбөйдү, сак болгула

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик бажы кызматынын имараты. Архив
Мамлекеттик бажы кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Бажы кызматы телефон чалгандар шек жаратса тартип коргоо органдарына токтоосуз билдирүүнү суранды.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бажы боюнча мамлекеттик кызмат акыркы мезгилде алдамчылык фактылары көбөйгөндүгүн эскертти.
Аталган ведомствонун маалымат кызматы алдамчылык иштер жалпы билим берүү жана атайын орто окуу жайларына болуп жаткандыгын билдирди.
Маалыматта белгисиз адамдар билим берүү мекемелеринин башчыларына телефон чалып, өздөрүн Бажы боюнча мамлекеттик кызматтын же Билим берүү министрлигинин өкүлү катары тааныштырып жатканы айтылат.
"Бажы кызматында эсептен чыгарылуучу компьютердик жабдуулар, билим берүү мекемелерине техникалык колдоо катары өткөрүлүп бериле турган жаңы компьютерлер бар деп билдиришет. Мындан тышкары, компьютердик техниканын көлөмү чектелүү болгондуктан алардан белгилүү бир сумманы шашылыш түрдө атайын эсепке которуп, андан соң Бажы кызматына келип, компьютердик жабдыктарды алып кетүүнү суранышкан. Бажы кызматы бардык жеке жана юридикалык жактарды мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, алдамчылык фактысы аныкталса укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштайт", — деп айтылган маалыматта.
Аталган кызмат ар кандай мамлекеттик мүлк бир мамлекеттик органдан экинчи органга мыйзамдарга ылайык айрым процедураларды сактоо менен гана өткөрүлүп бериле тургандыгын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0