Былтыр туруктуу жашоо үчүн чет өлкөгө 5,8 миң кыргызстандык чыгып кетти

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКишилер аэропортто. Архив
Кишилер аэропортто. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Мурдагы жылга салыштырмалуу өлкөдөн чыгып кеткендердин саны 21 пайызга төмөндөгөн. Тагыраак айтканда, 2019-жылы 7,6 миң адам мекенинен кетип калган.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстанга кайткандарга караганда башка жакка туруктуу же узак мөөнөткө жашоо үчүн чыгып кеткендердин саны көп болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
"Былтыр республикага туруктуу жашоо үчүн бир миңге жакын адам келсе, 5800 адам өлкөдөн чыгып кеткен", — деп айтылат кабарда.
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Мамытов Санкт-Петербургда мекендештер менен жолукту. Көтөрүлгөн маселелер
Ал эми мурдагы жылга салыштырмалуу өлкөдөн чыгып кеткендердин саны 21 пайызга төмөндөгөн. Тагыраак айтканда, 2019-жылы 7,6 миң адам мекенинен кетип калган.
Ошол эле учурда 2020-жылы пандемиядан улам чек ара жабык болуп, чет жакка чыгууда тоскоолдуктар болгонун айта кетүү керек.
Мигранттар мурдагыдай эле Россия (65,1 пайыз) менен Казакстанга (28,6 пайыз) көбүрөөк кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0