Президенттен комуз сураган Адинай белегин алды. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСокулук музыкалык мектебинин окуучусу Адинай Жумакадырова комуз белекке алды
Сокулук музыкалык мектебинин окуучусу Адинай Жумакадырова комуз белекке алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Өзүмдүн өрүк комузум болсо деп кыялданган окуучу кыз президентке кат жазып көрүүнү чечкен. Мамлекет башчы Адинайдын өтүнүчүн жоопсуз калтырган жок.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды
Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМаалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган
Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган
1/2
Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды
2/2
Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган
Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган.
Бүгүн, 20-апрелде, президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Адинайдын өтүнүчүн аткарып, президенттин атынан ага комуз белек кылды.
"Адинайдын жолдогон каты дарегине жетти. Бүгүн биз Садыр Жапаровдун атынан улуттук музыкалык аспапты Адинайга белекке тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз. Комуз өрүктөн жасалган. Мамлекет башчы Адинай мыкты музыкант болуп, эл аралык конкурстарда өлкөнүн атынан чыгат деген чоң үмүтүн билдирди", — деди Базарбаев.
Ал эми жаш музыканттын апасы Асел Асаналиева президентке кат жазуу кыздын жеке идеясы болгонун айтты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Байтерек Жапаровдун постун Facebook өчүргөнүн танууда
"Адинай бала кезинен эле музыкага, комузга өзгөчө жакын. Ар дайым өзүмдүн комузум болсо деп кыялданчу. Кыялын ишке ашырууга аракеттенип, президенттен суроону чечкен. Көп өтпөй эле комуз белекке берилери жөнүндө кабарлашты", — деди ал.
Адинай аспапка аяр мамиле жасап, көрүнүктүү комузчу болуш үчүн болгон күч-аракетин жумшарын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0