Бишкекте 9-Май жана Шаар күнү майрамдалбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте Жеңиш күнүн майрамдоо. Архив
Бишкекте Жеңиш күнүн майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Мындай чечим коронавирус пандемиясы боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган. Буга чейин 21-марттагы Нооруз да майрамдалган эмес.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте шаар күнү (29-апрель) жана Жеңиш күнүн (9-май) массалык майрамдоо токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим коронавирус пандемиясы боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган.
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
COVID күч алып турган Бишкекте кошумча орундар даярдалды
Бишкекте пандемия башталгандан бери 32 миң 649 учур катталды. Өткөн суткада 117 адам жуктурганы аныкталган.
Мэрия шаардыктарды санитардык эрежелерди сактап, ден соолукка кам көрүүгө чакырат.
Эскерте кетсек, 21-мартта Ноорузга карата бардык майрамдык салтанаттар, массалык майрамдоо токтотулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0