225 киши вирус жугузуп, эки бейтап көз жумду. Коронавирус статистикасы

© Sputnik / Кирилл БрагаОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Акыркы апталарда коронавирус жугузуп алгандардын саны күн сайын 200дөн ашып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле Бишкек шаарында жашагандар.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 225 кишиден коронавирус табылып, 173 бейтап оорудан сакайып кетти. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары — 117;
  • Чүй облусу — 82;
  • Ысык-Көл облусу — 12;
  • Ош облусу — 4;
  • Жалал-Абад облусу — 5;
  • Нарын облусу — 4;
  • Талас облусу — 1.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары — 108;
  • Чүй облусу — 51;
  • Ысык-Көл облусу — 5;
  • Нарын облусу — 3;
  • Ош облусу — 3;
  • Баткен облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 1.
Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 92 320га жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 229 болду.
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус эки кишинин өмүрүн алган. Анын бири Бишкектен болсо, экинчиси Чүй облусунун тургуну. Көз жумгандардын жалпы саны 1 557ге жетти.
Азыркы тапта өлкө боюнча ооруканаларда 1 236 бейтап илдет менен алпурушуп жатса, үйүндө 1 324 киши дарыланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0