Россияга барчулар ПЦР-тестти "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесинен көрсөтүшү шарт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүү"COVID-19 жок саякаттайм" тиркемеси. Архив
COVID-19 жок саякаттайм тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Тиркемени App Store же Google Play интернет-дүкөнүнөн көчүрсө болот. Учакка отургандан кийин жүргүнчү тиркеменин жардамы менен телефондогу QR-кодду көрсөтөт.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Россияга бара турчу Кыргызстандын жарандары коронавируска ПЦР-тесттин терс натыйжасын "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесинен көрсөтүп өтүшү керек. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге ылайык, Роспотребнадзордун токтомуна ылайык, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин жарандары, анын ичинде кыргызстандыктар да Россияга кирерде коронавируска ПЦР-тесттин терс натыйжасын "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесининен көрсөтүп өтүшү шарт. Бул эреже бардык жүргүнчүлөргө тиешелүү.

Тиркеме кандайча иштейт

Укол даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Вице-премьер Кыргызстан өзүн кантип вакцина менен камсыздай турганын айтты

Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу үчүн жаран App Store же Google Play интернет-дүкөнүнөн "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин көчүрүп алышы керек. Ал тест тапшырууга мүмкүн болгон жакынкы жердеги лабораториянын дарегин көрсөтүп берет. Лабораторияга барган кезде тесттин жыйынтыгын тиркеме аркылуу алуу ниетин билдирүү зарыл. Мындай учурда жаранга анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун сураган бланка берилет. Бланкадагы QR-кодду мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеп алуу кажет. Жүргүнчү учардан мурда тиркемеден тесттин жыйынтыгын бир карап, мөөнөтүн текшерип коюшу шарт (ПЦР-тестти учарга чейин 72 сааттан эрте эмес убакытта тапшырышы керек).

Учакка отургандан кийин жаран тиркеменин жардамы менен телефондогу QR-кодду көрсөтөт.
Система ЕАЭБ аймагында гана инфекциянын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында иштээри айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0