COVID: дарылануунун жаңы протоколу чыкты, уу коргошун да жазылганбы?

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Коронавирустан дарылануунун жаңы протоколу 245 беттен турат. Буйрукка 16-апрелде кол коюлганы белгилүү болду.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту аныктоо жана дарылоо боюнча бешинчи протоколду бекитти.
Буйрукка 16-апрелде кол коюлган. 38 пункттан турган документте коронавирустун эпидемиясын, этиологиясын жана патофизиологиясын аныктоо, диагноз коюу, бейтаптардын айрым топторун дарылоо боюнча сунуштарды карап чыгуу жана башкалар камтылган. Ошондой эле коронавирустун мутацияланып кетиши мүмкүндүгү да жазылган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Байтерек Жапаровдун постун Facebook өчүргөнүн танууда
Мындан сырткары, протоколдо бейтаптарга далилденбеген дары-дармектерди, ошондой эле ооруну жеңил жана орточо көтөргөндөргө антибиотиктерди бербеш керектиги сунушталган. Анда антикоагулянттарды колдонуунун да жол-жобосу жазылганы айтылды.
Документте аконитти (Ысык-Көл тамыры, уу коргошун) колдонуу тууралуу жазылган эмес. Протоколдун электрондук версиясы менен министрликтин сайтынан таанышууга болот.
Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарылоону сунуштады. Бул дары чөптү президент Садыр Жапаров өзү кайнатып жасап жатканы белгилүү болгон. Президент менен министрдин дарылоо ыкмасы коомчулукту таң калтырып, түрдүү пикирлерди жаратууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0