17:27 22 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Уу коргошун чуусу (28)
451 0 0

Бүгүн Жапаровдун Facebook жана Instagram баракчасындагы "коронавирустан тез сакайта турган дары табылгандыгы" тууралуу посту өчүп калган.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун социалдык тармактагы баракчаларынан уу коргошун жөнүндө билдирүүлөр "тышкы кийлигишүүсүз" алып салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Жапаровдун Facebook жана Instagram баракчасындагы "коронавирустан тез сакайта турган дары табылгандыгы" тууралуу посту өчүп калган.

"Жогоруда көрсөтүлгөн билдирүүлөр "тышкы кийлигишүүсүз" жеке демилге менен алып салынды. Ошол эле учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул багыттагы илимий-изилдөө иштерин уланта берерин белгилейбиз", — деди Байтерек.

Ал эми Facebook компаниясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстандын электрондук катына берген жообуна президенттин билдирүүлөрү компания тарабынан атайын өчүрүлгөнүн тастыктады.

"Биз бул постту өчүрүп салдык. Анткени эч бир адамга, анын ичинде шайланып келген жетекчилерге адамдын ден соолугуна түздөн-түз залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо жана алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды жайылтуусуна уруксат бербейбиз", — деп жооп берди Facebook.

Өткөн жумада президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Тема:
Уу коргошун чуусу (28)

Тема боюнча

Уу коргошун чуусу: Жапаровдун Facebook тармагындагы посту өчүрүлдү
Белгилер:
Галина Байтерек, пост, өчүрүү, Facebook

ЭҢ МААНИЛҮҮ