Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Пригородноедеги айыл өкмөтүн басып алган аялдардын насыясы жоюлбайт

© Sputnik / Актан ТемиркановЧүйдөгү Пригородное айылындага айыл өкмөтүн имараты
Чүйдөгү Пригородное айылындага айыл өкмөтүн имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
15-апрель күнү Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын бир нече аял басып алган. Насыянын айынан үйлөрүнөн ажырап калуу кооптуулугуна кабылган 10дой аял өздөрүн өрттөй турганын айтышкан.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Чүйдөгү Пригородное айылында насыя үчүн өздөрүн өрттөйбүз деп коркуткан аялдардын маселеси ар бири менен жекече чечилет. Алардын насыясы жоюлбайт, балким мөөнөтү узартылышы ыктымал. Бул тууралуу вице-премьер, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Эске салсак, Кармышаков өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аялдар менен жолугуп, сүйлөшкөн. Вице-премьер бул көрүнүштү кыжырды кайнаткан факт катары сыпаттап, мыйзам бузуу экенине токтолду.
"Муниципалдык мекемени басып алгандар Жазык кодексинин негизинде жазаланат. Мен билгенден беш жылдан жети жылга чейин камалат. Мындай жол менен маселе чечилбейт. Көбүнчө ал жерге менчик насыя алгандар жана кредит бергендер менен көйгөй жаралган аялдар чогулган. Айрымдарынын тармактык бизнес менен маселеси болсо, кээ бири банк жана микрофинансы компанияларына өз убагында насыя төлөбөгөндөн жабыркап жүрүшкөн. Чындап эле көйгөй бар экен", — деди Кармышаков.
Вице-премьер бир күндө же бир айда алардын маселесин чече калуу мүмкүн эместигин айтып, баары мыйзамдын негизинде жүрөрүн кошумчалады.
Милиция кызматкерлери Чүйдөгү Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын жанында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Пригородное айыл өкмөтүн басып алуу боюнча милиция кылмыш ишин козгоду
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ар бир аялдын маселеси жекече каралары чечилген.
"Элдин тынчын алган жеке менчик насыя берүүчүлөрдүн иши менен ИИМ иш алып барат. Банк системасы боюнча Улуттук банк менен аналитикалык иштерди жүргүзөбүз. Мүмкүнчүлүк болсо жардам көрсөтөбүз. Баарынын көйгөйүн бир маалда чечип коюу мүмкүн эмес. Андай болбошу керек. Келишимге кол койгондон кийин аны аткарууга милдетүү", — деди ал.
Журналист вице-премьерге насыялардын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча да суроо узаткан.
"Анализ жүргүзүлгөндөн кийин эгер банк макул болсо насыялардын мөөнөтү узартылышы ыктымал. Кыргызстанда 25 банктын 23ү жеке менчик. Ошол себептен биз эч нерсе дей албайбыз. Ар бир учур боюнча маселени директорлор кеңеши карайт", — деди Кармышаков.
Өкмөт өкүлү Пригородное айылындагы өздөрүн өрттөөгө аракет кылган аялдардын окуясы атайын жасалбаганын айтып, бул боюнча эл арасында тарап жаткан кептерди төгүндөдү.
Чүйдөгү Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратынын жанындагы милиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Облус башчысы: имаратты басып алган аялдар жоопко тартылбайт
Эскерте кетсек, 15-апрель күнү Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын бир нече аял басып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Анда насыянын айынан үйлөрүнөн ажырап калуу кооптуулугуна кабылган 10дой аял имаратка кирип алып, бензин толтурулган бөтөлкөлөрү менен өздөрүн өрттөй турганын айтышкан.
Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, вице-премьер Улукбек Кармышаков келген. Андан соң аялдардын жарымы вице-премьер менен Бишкекке чыгып, премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушкан.
Жанын кыюуга даяр аялдардын маселесинен президент Садыр Жапаров да кабардар болгону айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0