Ошто үч ак илбирстин терисин 4,5 миң долларга сатмак болгон киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАк илбирс. Архив
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Шектүү жырткычтардын терисин Тажикстандын жарандарынан алган. Атайын кызмат аны экологиялык коопсуздук жаатында ыкчам-тергөө иш-чарасынын жүрүшүндө кармады.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Ош шаарында үч ак илбирстин терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылган К.А.С. аттуу киши кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГКНБОш шаарында үч ак илбирстин терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылган К.А.С. аттуу киши кармалды
Задержание мужчины в Оше, который хотел незаконно продать шкуры снежных барсов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ош шаарында үч ак илбирстин терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылган К.А.С. аттуу киши кармалды
Атайын кызмат экологиялык коопсуздук жаатында ыкчам-тергөө иш-чарасын жүргүзгөн.
Натыйжада шектүү Тажикстандын жарандарынан алган жырткычтын терилерин 4500 долларга сатууну пландаганы аныкталган.
© Фото / пресс-служба ГКНБФакты Жазык кодексинин 293-беренеси ("Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды
Задержание мужчины в Оше, который хотел незаконно продать шкуры снежных барсов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Факты Жазык кодексинин 293-беренеси ("Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды
Факт Жазык кодексинин 293-беренеси ("Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Ак илбирс бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда сейрек же жок болуп кетүү коркунучунда турган жаныбар болуп саналат. Ага аңчылык кылууга тыюу салынып, Кызыл китепке киргизилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0