https://sputnik.kg/20210419/bishkek-gaz-zhabduularyn-teksherilet-1052184235.html
Бишкекте үйлөргө коюлган газ жабдууларын текшерүү иштери башталды
Бишкекте үйлөргө коюлган газ жабдууларын текшерүү иштери башталды
Sputnik Кыргызстан
Контролерлор турак жайларды кыдырып газ плиталары менен от казандардын коопсуздук талаптарына дал келерин текшерет. 19.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-19T13:33+0600
2021-04-19T13:33+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек
газ
текшерүү
ишкана
жабдуу
https://sputnik.kg/img/07e5/04/13/1052184055_0:0:3518:1989_1920x0_80_0_0_fee33e756f75b0ac3cb8d1284d767949.jpg
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ишканасы Бишкек шаарындагы жеке секторлорго инвентаризация жүргүзөрүн маалымдады.Анын алкагында бүгүндөн баштап компаниянын контролерлору турак жайларды кыдырып, газ плиталары менен от казандарынын коопсуздук талаптарына дал келерин текшерет.Ошондой эле компания текшерүүгө келген адамдын "Газпром Кыргызстандын" кызматкери экенине ынануу үчүн кызматтык күбөлүгүн, газ жабдууларын текшерүүгө берилген уруксат кагазын жана фирмалык формасын кароо керектигин эскертет. Болбосо контролердун аты-жөнүн Бирдиктүү маалымат кызматына 4444 номери (чалуу акысыз) аркылуу чалып, суроо сунушталат.
https://sputnik.kg/20210419/bishkek-gaz-zhok-1052183188.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/13/1052184055_0:0:3166:1989_1920x0_80_0_0_2af22b23c757843d3b26808207a2b303.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, газ, текшерүү, ишкана, жабдуу
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, газ, текшерүү, ишкана, жабдуу
Бишкекте үйлөргө коюлган газ жабдууларын текшерүү иштери башталды
13:33 19.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Контролерлор турак жайларды кыдырып газ плиталары менен от казандардын коопсуздук талаптарына дал келерин текшерет.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ишканасы Бишкек шаарындагы жеке секторлорго инвентаризация жүргүзөрүн маалымдады.
Анын алкагында бүгүндөн баштап компаниянын контролерлору турак жайларды кыдырып, газ плиталары менен от казандарынын коопсуздук талаптарына дал келерин текшерет.
"Коопсуз колдонуу милдети газ жеткирген компанияга да, керектөөчүлөргө да жүктөлгөнүн белгилейбиз. Инвентаризация учурунда үй ээси алмашканын билүү үчүн абонент тууралуу маалыматты жаңылоо иштери жүргүзүлөт. Аны менен катар газ жабдуу системасына кошуу эрежелери жана нормалардын сакталышы, жаратылыш газын керектөөчүлөргө туура көлөмдө бөлүнүшү каралат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле компания текшерүүгө келген адамдын "Газпром Кыргызстандын" кызматкери экенине ынануу үчүн кызматтык күбөлүгүн, газ жабдууларын текшерүүгө берилген уруксат кагазын жана фирмалык формасын кароо керектигин эскертет. Болбосо контролердун аты-жөнүн Бирдиктүү маалымат кызматына 4444 номери (чалуу акысыз) аркылуу чалып, суроо сунушталат.