Уруша кеткен... Чүйдө бир жумадан бери изделген жигит табылды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүРабота временного госпиталя для больных коронавирусом в "Ленэкспо"
Работа временного госпиталя для больных коронавирусом в Ленэкспо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Студенттер айылынын тургуну 11-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Алдын ала маалыматка караганда, ал үйүндөгүлөр менен урушуп кеткен.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Чүйдө изделип жаткан 21 жаштагы Байсалбек Каныбек уулу аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан бидиришти.
Студенттер айылынын тургуну 11-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Байсалбек Каныбек уулу Бишкек шаарында табылды. Ал "Дордой" базарынын жанында жашаган досунун үйүндө болгон. Алдын ала маалыматка караганда, Каныбек уулу үйүндөгүлөр менен урушуп кеткен соң досунукуна кетип калган", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң жигит туугандарына өткөрүп берилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0