Коронавирустан алты киши каза таап, 212 адам жуктурду. Соңку маалымат

© REUTERS / ELOISA LOPEZМедициналык кызматкер оорукананын карантин бөлмөсүндө
Медициналык кызматкер оорукананын карантин бөлмөсүндө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Көз жумган алты кишинин төртөө Чүйдө, ал эми экөө Бишкекте дарыланып жаткан. Жугуштуу оору жалпы 1 555 адамдын өмүрүн алды.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 212 кишиден оору чыкты, 149 бейтап айыгып, тилекке каршы, алты адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Айыккандар:
  • Бишкек — 101;
  • Ош шаары — 3;
  • Чүй — 34;
  • Жалал-Абад — 9.
Жалпысынан 87 056 киши ооруну жеңди.
Оору жуктургандар:
  • Бишкек — 152;
  • Ош шаары — 4;
  • Чүй — 22;
  • Ош — 2;
  • Нарын — 12;
  • Ысык-Көл — 18;
  • Жалал-Абад — 2.
Кыргызстанда ооругандардын саны 92 095ке жетти.
Учурда стационарда 1 246 бейтап, амбулатордук шартта 1 270 киши дарыланууда.
Көз жумган алты кишинин төртөө Чүйдө, ал эми экөө Бишкекте дарыланып жаткан. Жугуштуу оору жалпы 1 555 адамдын өмүрүн алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0